Нидерландия Батыш Африкага жардам жөнөттү

Нидерландия эбола менен күрөшүп жаткан өлкөлөргө жардам көрсөтүүдө.

158710
Нидерландия Батыш Африкага жардам жөнөттү


Эбола менен күрөшүүнүн алкагында Нидерландия экинчи жолу Батыш Африкага жөнөтүп жаткан жардамдарды ташыган аскердик кеменин Сьерра-Леонеге жеткени билдирилди.
Кеменин Сьерра-Леонеден кийин Либерия менен Гвинеяга барып жардамдарды өткөрүп берүүсү күтүлүүдө.
Тышкы соода жана өнүгүү министрлиги кемеде Нидерландия менен катар Бельгия, Германия жана Франция жөнөткөн жардамдардын бар экенин билдирди.
Эбола оорусу менен күрөшүүнүн алкагында мындан мурда Батыш Африкага 50 кишилик лаборотордук топ жиберген Нидерландия өкмөтү, аймакка 35,1 миллион евролук жардам көрсөтөөрүн айткан.
Тышкы соода жана өнүгүү министрлиги бөлгөн бюджеттин Кызыл Крест, БУУ жана Чек тааныбаган доктурлар уюму аркылуу колдонулуусуна чечим чыгарылган болчу.  


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар