«Эбола» жугуштуу оорусу миңдеген жан алды

Акыркы бир жумада Эбола вирусунан каза тапкандардын 80 пайызы Сьерра- Леонеде көрүндү.

154718
«Эбола»  жугуштуу оорусу миңдеген жан алды

Дүйнөлүк Саламатык сактоо Уюму «Эбола» вирусунан таасир алган үч Батыш Африка өлкөсүндө жугуштуу оорудан каза тапкандардын саны 7 миңден ашканын жарыялады.
Дүйнөлүк Саламатык сактоо Уюмунун жарыясында оору уланып жаткан Батыш Африка өлкөлөрү Либерия, Гвинея жана Сьерра- Леонеде 7 миң 373 киши каза болгонун жана ушул убакка дейре 19 миң 31 эбола оорусуна кабылгандар белгиленгени билдирилди.
Акыркы бир жумада «Эбола» вирусунан каза тапкандардын 80 пайызы Сьерра- Леонеде көрүндү.
Эбола вирусунун себебинен үч Батыш Африка өлкөсүнөн тышкары Малиде 6, Нигерияда 8 жана АКШда 1 киши «Эбола» вирусу жугуп каза болду. Айрыкча Испания жана Сенегалда да бирден оорулуу кездешкен.
Батыш Африка өлкөлөрүнөн тышкарыдагы өлүмдөр да кошулганда дүйнөдө «Эбола» вирусунан каза болгондордун саны 7 миң 388 кишиге жеткен.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар