Германиядан Европа Биримдигине эскертүү...

Европа Биримдигине өз мүчөсү Германиядан эскертүү келди

153518
Германиядан Европа Биримдигине эскертүү...

Ишке ашырган экономикалык санкциялар менен орус экономикасын кыйын абалда калтырган Европа Биримдигине өз мүчөсү Германиядан эскертүү келди.
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер бир журналга жасаган билдирүүсүндө : «Орусияны экономикалык жактан өзүнө келтирип Европанын коопсуздугунун түзүлүшүнө ишенгендердин жаңылганын»,- айтты. Штайнмайер Орусиянын акча биримдигинин жана энергетика бааларынын төмөндөшүнүн так бир экономикалык кризис экенин белгиледи. Штайнмайер санкциялардын жеңилдетилүүсү менен Орусиянын ырааттуулугунун бузулушунан тынчсызданганын жана ошонун айынан санкциялардын дагы күчтөндүрүлүшүнө каршы экенин белгиледи.
Орусиядагы экономикалык кризистин толугу менен текшерүүдөн чыгуусу биздин пайдабызга болбойт деген эскертүү жасаган Штайнмайер санкция жасоо саясатында буга көңүл бурулуусу керектигин баса белгиледи.
Парламенттин тышкы карым – катнаштар комиссиясынын төрагасы Норберт Роттген болсо санкциялардын Орусиянын президенти Владимир Путиндин мамилесин өзгөртүүсү үчүн жасалганын эске салды. Роттген батыштан жооп албастан бул ишке ашырууларды жоюсу менен Орусиянын саясатында бир өзгөрүүнүн болбой турганы боюнча эскертүүдө болду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар