Бозкыр Түркия Европа Биримдигине тынчтык алып келээрин билдирди
Бозкыр Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процесси менен Европа Биримдигинин тынчтык аянтына айлана турганын баса белгиледи.
Европа Биримдиги боюнча министр жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процессинде эч ким көрмөксөнгө сала албай турганчалык ылдамдыкка жетишилгенин айтты.
Түркиянын Европа Биримдигинин бир бөлүгү болгонун сөз кылган Бозкыр: «Түркиянын кошулуу процесси диний баалулуктар менен эмес, глобалдык баалуулуктарга таянган Европа Биримдигине эң чоң тынчтыкты аткаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт»-деди.
Бозкыр Түркиянын Европа Биримдигине кошулуу процесси менен Европа Биримдигинин тынчтык аянтына айлана турганын баса белгиледи.
Түркиянын акыркы 12 жылда түптүү өзгөрүү процессинен өткөнүн белгилеген Бозкыр, Европа, Орто Азия жана Жакынкы Чыгыштын ортосунда энергия коридору болгон Түркиянын Европа Биримдигинин энергия коопсуздугуна чоң салым кошо турганын билдирди.
Бозкыр дүйнөнүн эң баш аламан аймагында ырааттуулук жана өнүгүү аралы катары Түркиянын жаркырап турганын белгилеп өттү.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.