Украина-Орусия чек арасына «Европа дубалы»

Украина Орусия менен болгон чек арасына дубал тургузууга чечкиндүү.

144840
Украина-Орусия чек арасына «Европа дубалы»


Жаңы өкмөттүн эки жылдык иш-чара программасын жарыялаган премьер-министр Арсений Яценюк «Европа дубалын» куруу негизги максаттарынын арасында экенин айтты.
Өлкөнүн багытынын Европа, эң маанилүү максатынын болсо Европа Биримдигине мүчөлүк экенин баяндаган Яценюк, ал үчүн Украинаны толугу менен өзгөртүү жана Украина мамлекети кылуу керектигин баса белгиледи.
Яценюк 4 жылда бүтүрүлүүсү пландалган дубал үчүн 553 миллион долар сарптала турганын айтты.
Украинанын премьер-министри долбоорду Европа Биримдиги жана Эл аралык валюта фондунун финансылык колдоосу менен ишке ашырууну ойлогондорун белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар