Кытай менен Түштүк Африкадан 11 жаңы келишим

Эки өлкөнүн ортосунда 11 келишимге кол коюлду.

138387
Кытай менен Түштүк Африкадан 11 жаңы келишим


Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зуманын Кытайга расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосунда 11 жаңы келишимге кол коюлду.
Эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган 11 келишим айыл-чарбадан соодага чейин, инвестициядан транспортко чейин көптөгөн тармакты камтууда.
Тараптар арасында эл аралык маселелерде координациянын күчтөндүрүлүшү жана адамзаттык карым-катнаштарынын кеңейтилүүсү керектигин баса белгилеген Си Зинпинь, Африкада өнүгүүнү, ырааттуулукту жана тынчтыкты илгерилетүү үчүн Кытай менен Түштүк Африканын чогуу иштей турганын баяндады.
Түштүк Африканын президенти Зума да Кытайга сапарынын эки өлкөнүн карым-катнаштарын өнүктүрө турганын белгилеп, Түштүк Африканын Кытай менен БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка) механизминин алкагында да Пекин бийлиги менен кызматташууну арттырууга даяр экенин баса белгиледи.
Тараптар эболага каршы күрөшүү менен катар өндүрүш, финансы жана авиация сыяктуу тармактарда да чогуу иш алпарып кызматташтыкты өнүктүрө тургандарын баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар