OPEC нефть өткөрүүнү төмөндөтүү сунушун четке какты

Нефть өндүрүү ошол эле деңгээлде улантылат

208654
OPEC нефть өткөрүүнү төмөндөтүү сунушун четке какты

Чечим боюнча нефть өндүрүү ошол эле деңгээлде улантылат. Нефть өндүрүүчүсү 12 өлкөнүн энергетика министрлери Австриянын борбор шаары Венада нефть экспорт кылган өлкөлөр уюму OPECтин кечээки жыйынында жолугушушту. Акыркы 4 жарым жылдын эң төмөнкү деңгээлине түшкөн нефть баалары жыйындын негизги күн тартип беренеси болду. Жыйында Сауд Арабстан башкарган булуң өлкөлөрү акыркы сөздү айтты. Нефть өткөрүүнүн чектелүүсү багытында чечим чыккан жок жана өндүрүш ар дайымкыдай деңгээлде өндүрүлөт. Нефть бааларынын акыркы 3 айда 30 пайызга артка чегинүүсү санкция салынган Орусия жана Ирандын каршы чыгуусуна жол ачты. Жыйынга катышкан өлкөлөрдөн Иран Нигерия жана Венесуэла өндүрүшүнүн азайтылуусун талап кылып, Сауд Арабстан, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмирликтери буга каршы чыгып жаткан. Ушундайча ОПЕК мүчөсү болбогон Орусиянын нефть бааларынын жогорулоосу үчүн бардык өлкөлөрдү өндүрүштүн чектелүүсү тууралуу көндүрүү аракеттери жыйынтыксыз калды. Саясий байкоочулар АКШ жана союздашы Булуң өлкөлөрүнүн бааларды төмөндөтүү менен Иран жана Орусияны кыйынчылыкка киргизүүгө аракет кылганын айтышууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар