АКШда жума намазы

Намазга катышкан мусулмандар да ар башка диндер жанаша жашаган, тынчтык дүйнөсү үчүн тилектерин билдиришти

191141
АКШда жума намазы

АКШнын борбор шаары Вашингтондогу Вашингтон Улуттук соборунда биринчи жолу жума намазы окулду. Американын президенттери президенттик кызматка келгенде ант берген, жогорку мартабалуу кызматкерлеринин жаназа расмилери өткөрүлгөн Вашингтон соборунда азан жаңырды. Түштүк Африканын Вашингтон элчиси Ибрахим Ресулдун жол башчылыгында кээ бир мусулман жарандык коом мекемелеринин да колдоосу менен собордо биринчи жолу окулган жума намазына аялдар менен эркектерден турган 100 кишилик жамаат катышты. Намаздан мурда мусулмандарга кайрылган монахиня Жина Гилланд Кэмпбелл бул жолугушуудан абдан ыраазы болгондорун айтты. Намазга катышкан мусулмандар да ар башка диндер жанаша жашаган, тынчтык дүйнөсү үчүн тилектерин билдиришти.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар