АКШда арадагы шайлоо болду

Орундук бөлүшүүдө демократтар 44, республикачылдар болсо 51 орундукка ээ болду

182229
АКШда арадагы шайлоо болду

АКШда болгон арадагы шайлоолордо расмий болбогон жыйынтыктарга караганда конгресстин эки канатында да көпчүлүктү республикачылдар түздү. Америкалык шайлоочулар 435 мүчөлүү өкүлдөр парламентинин баары сенаттын 36 орундугу жана 38 провинциянын башкаруучусу менен провинция парламентинин мүчөлөрүн белгилөө үчүн добуш беришти. 8 жылдан бери демократтар көп болгон сенаттын 100 орундугунан 36сы үчүн өткөрүлгөн шайлоодо ушул кезге чейин демократтар 10, республикачылдар болсо 21 орнудукка ээ болду. Ушундайча сенаттагы жалпы орундук бөлүшүүдө демократтар 44, республикачылдар болсо 51 орундукка ээ болду. Мурунку конгресс мезгилинде өкүлдөр парламентинде да көпчүлүккө ээ болгон республикачылдар күтүлгөнүндөй бул жаңы мезгилде да ордун сактап калды. Алдыда болгон республикачылдар ушул кезге чейин 219 орундукка ээ болуп демократтар болсо 133 орундукту алды. Ушундайча Сирия жана Ирак меселелеринде ишке ашырган тышкы саясат жана эбола менен күрөшүүдө кетирилген жаңылыштыктардан улам сынга алынган президент Барк Обама кызмат мөөнөтүнүн акырына чейин эки канаты да оппозициячылдардын колунда болгон конгресс менен иштөөгө мажбур болот.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар