Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери чогулат

Саммит эки күнгө созулат.

168509
Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери чогулат

Европа Биримдигинин борбор шаары Брюссель эки күн бою мүчө өлкөлөрдүн лидерлерин коноктойт.
Саммитте алдыңкы планга чыккан темалардын арасында экономикалык маселелер, Орусия менен уланып жаткан газ тууралуу сүйлөшүүлөр, Чыгыш Жер Ортолук деңизде Рум башкаруусунун билдирүүсүнөн кийин күчөгөн чыңалуу жана ИШИМ террору бар.
Лидерлер биргелешкен отурумдар менен катар эки тараптуу жана делегациялар аралык жыйындарда да жолугушушат.
Саммитке катышуу үчүн Брюсселге барган рум лидер Никос Анастасиадис кан басымы жогорулап кеткендиктен кыска мөөнөткө ооруканага жатып чыкты.
Грек басма сөзү Анастасиадистин жыйынга катыша албай турганын жана аны Грециянын премьер-министри Андонис Самарастын өкүлдүк кыла турганын билдирди.
Ал эми Орусия менен болгон кризистен кийин альтернативалык энергия булактарынан улам Түркияга муктаж болгон Европа үчүн Кипр маселеси чечүүчү мааниге ээ.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар