Европа Биримдигинин статистика мекемесинин көрсөткүчтөрү

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн 2013-жылы канча кишиге туруктуу жашоого уруксат бергени аныкталды.

167083
Европа Биримдигинин статистика мекемесинин көрсөткүчтөрү


Европа Биримдигинин статистика мекемеси Евростаттын көрсөткүчтөрүнө караганда түрктөрдүн 29 миң 104ү үй-бүлөсү менен чогуу жашоо, 15 миң 680и билим алуу, 5 миң 382си жумуш жана калганы башка себептерден улам туруктуу жашоого уруксат берген документке ээ болушту.
Өткөн жылы Европа Биримдиги өлкөлөрү 2 миллион 357 миң 583 кишиге туруктуу жашоого уруксат берсе, мындан эң көп пайдалангандар 237 миң менен украиналыктар, 201 миң менен индиялыктар, 172 миң менен америкалыктар, 166 миң менен кытайлыктар жана 108 миң менен филиппиндиктер болду. Тизмеде 102 миң менен марокколуктар, 77 миң менен белоруссиялыктар жана 73 миң киши менен орусиялыктардан кийин түрктөр тогузунчу орунда турат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар