БУУнун өкүлү Түркиянын Сирия чек арасында иликтөө жүргүздү

Суручта иликтөөлөрдү жргүзгөн БУУнун өкүлү Амос, ТРТнын суроолоруна жооп берди.

165327
БУУнун өкүлү Түркиянын Сирия чек арасында иликтөө жүргүздү

Сирия чек арасындагы кагылышуулар Бириккен Улуттар Уюмун аракетке өткөрдү.
Уюмдун эң маанилүү ысымдарынан бири баш катчынын орун басары жана курч кырдаалдар боюнча координатору Валери Амос Түркияга келди.
Суручта иликтөөлөрдү жргүзгөн Амос, ТРТнын суроолоруна жооп берди.
Бириккен Улуттар Уюму катары Түркия ишке ашырган «ачык каалга» саясатынан улам өкмөткө дагы түрк калкына дагы ыраазы болгондорун белгилеген Амос, Анкаранын 4,5 миллиард доллардык каржылоосуна карабастан БУУ эмне үчүн жалгыз гана символдук түрдө жардам бергени суралганда, биз жардамдарын келген кайрымдуулук менен жүргүзгөн мекемебиз деген жоопту берди.
Баш катчынын орун басары коопсуз аймак токтомунун жалгыз Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясы тарабынан чыгарыла турганын белгилеп өттү.
Сирияда 11 миллион кишинин тез жардам күтүп жатканын сөз кылган Амос, жакындаган кыш шарттары менен кооптонуулары да артканын баса белгиледи.
Амос Анкара сапарынын алкагында вице-премьер Нуман Куртулмуш жана чет өлкөлүк миссиянын өкүлдөрү менен жолукту.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар