БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шайлоосу

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 10 – 17 – октябрь күндөрү Нью – Йоркко барат

152891
БУУнун Коопсуздук Кеңешинин шайлоосу

Түркия да талапкер болгон 2015 – 2016 мезгили БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөлүгү үчүн шайлоо 16 – октябрда Нью – Йоркто болот.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу ушунун негизинде жолугушууларды өткөрүү максатында 10 – 17 – октябрь күндөрү Нью – Йоркко барат.
Шайлоодо Түркиянын Коопсуздук Кеңешине Батыш Европа жана башка топтордон талапкерлигин андан мурда билдиргенине басым жасалган маалыматта бул топто Испания жана Жаңы Зеландиянын да талапкер болгону белгиленди. Маалыматта тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун шайлоодон мурунку акыркы күндөрдө кошумча жолугушууларды өткөрүү үчүн Нью – Йоркко барары белгиленди. Маалыматка караганда Чавушоглу жетекчилигинде Түндүк Америка башкы консулдуктары жыйынын өткөрөт жана АКШдагы түрк жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушат. Чавушоглу Нью – Йоркто айрыкча тарыхта Осмон императорлугу менен Түркия Республикасына баш калкалаган коомдорду тема кылып алган Коопсуз порт Түркия көргөзмөсүнүн ачылышын ишке ашырат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар