Кытайда жер титирөө болду
Жер титирөөнүн күчү 6,6 балл деп аныкталды.
150544
Кытайдын түштүгүндөгү Юньнань провинциясында жер титирөө болду. Апаатта 1 киши каза болуп 324 киши жаракат алды, көптөгөн имарат кыйроого учурады.
Кытайдын улуттук сейсмикалык агенттиги жер титирөөнүн күчүн 6,6 балл деп аныктады.
Мьянма чек арасына жакын жердеги Юньнан провинциясында августта болгон 6,1 баллдык жер титирөөдө 615 киши каза тапкан болчу.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.