БУУнун Коопсуздук кеңеши ИШИМди айыптады
Коопсуздук кеңешинин жыйынына көптөгөн өлкөнүн өкүлдөрү катышты.
БУУнун Коопсуздук кеңеши эл аралык жамааттан ИШИМ уюму менен күрөшүп жаткан Иракка колдоо сурады.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жетекчилик кылган жана тышкы иштер министр Мевлүт Чавушоглу да катышкан жыйында Иракка колдоо көрсөтүлүп, ИШИМ уюму айыпталды.
Эл аралык жамаатты ИШИМ менен күрөшүп жаткан Иракка колдоо көрсөтүүгө чакырган БУУнун Коопсуздук кеңеши келээрки жумада АКШнын президенти Барак Обаманын жетекчилигинде чогулуп бул уюмга каршы эл аралык чечүүчү мыйзам долбоорун кабыл алат.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынына мүчө өлкөлөрдөн тышкары Түркия, Бахрейн, Бельгия, Канада, Египет, Финляндия, Германия, Ирак, Иран, Италия, Япония, Ливан, Нидерландия, Норвегия, Оман, Польша, Сауд Арабстан, Испания жана Бириккен Араб Эмирликтеринин дипломатиялык өкүлдөрү да катышты.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.