Леонардо Ди Каприо БУУнун тынчтык элчиси болду

Ди Каприо климаттык өзгөрүү менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзөт.

129164
Леонардо Ди Каприо БУУнун тынчтык элчиси болду


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун актер Леонардо Ди Каприону БУУнун тынчтык элчиси кылып дайындады.
Ди Каприонун климаттык өзгөрүү менен күрөшүү боюнча иш-чараларды жүргүзө турганы билдирилди.
БУУнун баш катчылыгынын билдирүүсүндө Ди Каприонун актердугу менен катар экологияга болгон жаракөрлүгү менен да алдыга чыкканы белгиленип, ал өз талантын жана таасирдүүлүгүн климаттык өзгөрүү менен күрөшүүдө колдоно турганы сөз кылынды.
Билдирүүдө Ди Каприонун БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун чакыруусу боюнча 23-сентябрда Нью-Йоркто өткөрүлө турган жана мамлекеттик жетекчилер менен жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү чогула турган Климат саммитинде сөз сүйлөй турганы белгиленди.
Атактуу актер да климаттык өзгөрүү менен күрөшүү темасында өзүнө берилген бул кызматка кубанганын жана маанилүү жоопкерчиликти милдеттенгенин баяндады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар