Европа стратегиясы боюнча Ялта конференциясы

Европа стратегиясы боюнча Ялта конференциясын Түркиядан өнүгүү министри Жевдет Йылмаз өкүлдүк кылды.

125268
Европа стратегиясы боюнча  Ялта конференциясы

Европа стратегиясы боюнча Ялта 11-жылдык конференциясы быйыл Орусиянын Крымды басып алгандыгынын себебинен Украинанын борбор шаары Киевде өткөрүлдү.
Конференцияда Түркияны өкүлдүк кылган өнүгүү министри Жевдет Йылмаз Крым тарарлары темасында Түркиянын сезимталдыгын сөз кылды.
Йылмаз Түркия менен Украинанын геополиткалык жактан орчундуу мааниге ээ, Евразиянын борбордук базасы катары аныктала ала турган аймакта орун алганын белгилеп өттү.
Йылмаз бул абалдын айрым учурда жакшы, айрым учурда капага салуучу жыйынтыктарды туудурганын белгиледи.
Түркиянын Европа Биримдиги менен дагы, Орусия менен дагы кызматташтыгы бар экендигин белгилеген Йылмаз: «Украинанын дагы Орусия менен дагы карым-катнаштарын күчтөндүрүшү, эки өлкө үчүн жана Европа Биримдиги үчүн пайдалуу болот деп ойлойбуз»,-деди.
Министр Йылмаз Түркиянын коңшулары менен орток кызыкчылыктардын алкагында аймактык өнөктөштүктөрдү курганын жана бул саясаттын ырааттуулук жана байлык алып келгенин билдирди.
Түркиянын крымдык татарлар темасында абдан сезимтал болгонун жана маселенин тынчтыкчыл жол менен чечилүүсүн каалагандарын кошумчалады.
Жыйналыштан кийин Түркиянын Киевдеги элчилигине барган министр Йылмаз, Крым татарларынын лидери жана Украина эл өкүлү Мустафа Жемилоглу менен жолугушту.
Жолгушуунун жемиштүү өткөнүн айткан Йылмаз, Түркиянын Украинанын биримдигин жана жеринин бүтүндүгүн жактаганын дагы бир жолу баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар