БУУнун балдар тууралуу отчету

Лейла Зеррги БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн «Куралдуу кагылышуулар жана балдар» деген жыйында даярдаган отчётун сунуштады

119697
БУУнун балдар тууралуу отчету

БУУнун баш катчысынын кагылышууларда балдардын коргоого алынуусунан жооптуу атайын өкүлү Лейла Зеррги БУУнун Коопсуздук Кеңешинде өткөрүлгөн «Куралдуу кагылышуулар жана балдар» деген жыйында даярдаган отчётун сунуштады. Отчет Газалык балдардын трагедиясынан маалымат берген. Отчетто : «Июль айынын башынан бери Газада 500дөн ашуун бала өлтүрүлдү. Үчтөн эки бөлүгү 12 жаштан кичине болгон эң аз 3 миң 106 бала жараланган жана майып болгон. Булардын үчтөн бир бөлүгү өмүр боюу майып болот»,- деген сөздөр менен көңүлдөрдү бурган. Мектептерге карата кол салууларга да басым жасаган Зеррги 75ши БУУна караштуу болуу менен эң аз 244 мектептин Изриль тарабынан бомбаланганын белгиледи. Отчетто Ирак жана Нигериядагы балдардын да абалы белгиленген.
«Иракта жылдын башынан бери 700 бала өлтүрүлдү же майып болду»,- деген Лейла Зеррги ИШИМдин азырынча 13 жаштагы балдарга да курал бергенин, кээ бирлерин жан кечти терроист катары колдонгонун белгилеген. Зеррги балдарга карата сокку кенен жайылган Нигерияда Боко Харам уюмунун өзгөчө мектеп жашындагы балдарды тандаганын баса белгилеп : «Боко Харам өткөн жылы 100 окуучу менен 70 мугалимди өлтүрдү»,- деди.
Нигерияда кыз жана эркек балдарды колдонулганы аныкталганын белгилеген. Кеңештеги жыйында Ливия, Афганстан, Орто Африка Республикасы, Мали жана Түштүк Судан сыяктуу өлкөлөрдөгү бала аскерлерге да көңүл бурулду. Маалыматтарга караганда Батыш Африка Республикасында 8 миң бала ар кандай топтор менен болгон кагылышууларда колдонулууда.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар