Европа Биримдиги Орусияга санкция жасоого даярданууда

Комиссиянын сунушу бекитиле турган болсо орус нефть фирмаларынын облигация жана акцияларын чыгарып Европа базарларынан карыз алуусуна бөгөт коюлат

113323
Европа Биримдиги Орусияга санкция жасоого даярданууда

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр Украинанын чыгышынан аскерлерин албаса Орусияга карата санкцияларды оордоштурууга даярданууда.
Европа Биримдиги комиссиясынын мүчө өлкөлөргө жиберген долбоор санкцияларда Орусиянын коомдун көзөмөлүндөгү нефть жана курал фирмаларынын фондго алынуусуна тыюу салынуусу кааланууда. Комиссиянын сунушу бекитиле турган болсо орус нефть фирмаларынын облигация жана акцияларын чыгарып Европа базарларынан карыз алуусуна бөгөт коюлат.
Европа Биримдигинин мүчөлөрүнүн күн тартибинде Орусияга нефть жана кошумча секторлордо жогорку технология экспортун дагы да чектей турган чаралар да орун алууда. Европа Биримдиги комиссиясы мүчө өлкөлөрдөн Орусиянын Дүйнөлүк Кубок жана Европа чемпиондугу да болуу менен эл аралык спорт жана маданий чыгармачылыктардан изолациялануусунун да талкуулануусу суранылды. Бирок мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү Орусиянын 2018 ФИФА дүйнөлүк футболдук чемпиондугуна үй ээлик кылуу чечиминин каралып чыгуусуна жылуу карабай жатат.
Европа Биримдигинин экономикалык жана соода санкцияларына дыйканчылык жана азык – түлүк эмбаргосу менен жооп берген Москва башкаруусунун кийинки кадамынын автомобиль сектору болорун билдирүүсү, Германия, Чех республикасы, Словакия жана Венгрия сыяктуу өлкөлөрдү ойлондурууда. Украинанын чыгышында кагылышуулардын улантылуусу жана орус аскерлеринин артка чегинбесе Европа Биримдигинин экономикалык жана соода санкцияларды оордоштруусу күтүлүүдө. Өткөн жумада Брюсселде чогулган Европа Биримдиги саммитинде Орусия Украинадагы аскерлерин дароо чыгарууга чакырылып жана Европа Бирмдиги комиссиясынан кошумча санкция сунуштарын даярдоосу суранылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар