Бразилияда Эдуардо Кампосту ташыган учак кырсыкка учурады

Кырсыкта Кампос менен катар 7 киши каза тапты.

90420
Бразилияда Эдуардо Кампосту ташыган учак кырсыкка учурады

Бразилияда президенттикке талапкерлерден Эдуардо Кампосту ташыган учак кырсыкка учурады. Кампос кырсыкта каза болду.
Социалисттик партиянын талапкери Эдуардо Кампосту ташыган учак кечээ жээк шаары Сантосто кырсыкка учурады.
Учактын отурукташуу жайлары орун алган аймактагы бир спорт залдын үстүнө түшкөнү белгиленди.
Кырсыкта Кампос менен катар 7 киши каза тапты.
Каза тапкандардын арасында Кампостун фотосүрөтчүсү жана маалымат кеңешчиси менен 2 учкуч да бар.
Эдуардо Кампос Бразилиянын түндүк-чыгышындагы Пернамбуку провинциясынын мурдагы губернатору болчу.
Кампостун үй-бүлөсү Бразилияда 1964-1985-жылдардын арасында кызмат кылган аскердик башкаруу менен активдүү түрдө күрөшкөн эле.
49 жаштагы Кампос акыркы коомдук сурамжылоолордо 9 пайыздык колдоо алган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар