БУУнун Башкы Ассамблеясында Газа темасы каралат

Жыйында өз-өзүнчө брифинг өткөрүлөт.

80226
БУУнун Башкы Ассамблеясында Газа темасы каралат


БУУнун Башкы Ассамблеясы эртең Газа тууралуу расмий болбогон жыйын өткөрөт.
193 мүчө өлкөдөн турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 68-кезектешкен төрагасы Жон Эштин жарыясына караганда Ассамблея араб өлкөлөрүнүн талабы боюнча чогулат.
Жыйында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пиллей менен БУУнун Палестиналык качкындарга жардам мекемесинин башкы комиссары Пьер Кренбюль, БУУнун Гуманитардык жардамдар жана өзгөчө кырдаалдар координаторунун орун басары Гюн Ва Кан менен БУУнун өкүлү жана атайын координатору Роберт Серри өз-өзүнчө брифинг өткөрүшөт.
БУУнун эң күчтүү кызмат органы болгон Башкы Ассамблея мындан мурда өткөрүлгөн жыйында Газада ок атууну шартсыз жана дароо токтотууга чакырып, мыйзамдык баш ийдирүүчү токтом долбоорун чыгаруу боюнча демилге көтөргөн эмес.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар