БУУнун өкүлү көз жашын токтото алган жок

Ганнес : «Палестиналыктардын жана алардын балдарынын да негизги укуктары тебеленип жатат. Бул абдан коркунучтуу абал»,- деди

76328
БУУнун өкүлү көз жашын токтото алган жок

Израилдин кол салуулары улантылып, абалды иликтөө үчүн аймакка барган БУУнун Палестиналык Качкындарга Жардам Уюмунун катчысы Крис Ганнес көргөндөрүнө чыдабастан көз жашын төктү. ТРТ Түрк каналында эфирге чыккан «Глобалдык көз караш» программасына катышкан Ганнес көптөгөн жолу координаттарды беришкенине карабастан мектептердин атылганына көңүлдөрдү бурду.
«Палестиналыктардын жана алардын балдарынын да негизги укуктары тебеленип жатат. Бул абдан коркунучтуу абал»,- деген Ганнес координаттардын ордун Израилге 17 жолу бергендерине карабастан мектептер аткыланды. Биз эмне кыла алабыз. Заманбап армия муну кылып жаткан болсо биз эмне кыла алабыз»,- деди. Ганнесс Газада өткөргөн бир күндүн акырында аймактагы абалды бир телекөрсөтүү каналына билдирип жатып көз жашын төктү. Крис Ганнестин көз жаштары дүйнөлүк коомчулукка кенен түрдө жайылды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар