Хамас палестиналыктарды массалык каршы чыгууга чакырды
Хамастын катчысы Февзи Берхум билдирүү жасады
Хамас Батыш Шериадагы палестиналыктарды Газада жеңиш үчүн «массалык каршы» чыгууга чакырды. Хамастын катчысы Февзи Берхум жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө : «Батыш Шериадагы калкыбызды Газада чыныгы бир жеңишке жетишүү үчүн массалык каршы чыгууга жана Израиль душманы менен күрөшүүгө чакырабыз»,- деди. Газага жардам берүү максатында «48 миң киши менен жүрүш» деген ураан менен Рамаллахтан Иерусалимге барууну каалаган миңдеген палестиналык Календия көзөмөлдөө жерине келген, бул жерде Израиль аскерлери менен палестиналыктардын ортосунда кагылышуу чыккан. Израиль аскерлеринин митингге чыккандарды таркатуу үчүн чыныгы жана пластикалык ок, көздөн жаш агызуучу газ бомбасын жана басымдуу суу колдонуусу менен 2 палестиналык каза болуп, бешөөсү оор болгон эки жүз киши жараланган.