БУУнун Коопсуздук Кеңеши чогулду

БУУнун Коопсуздук кеңеши кагылышуулардын дароо токтотулушун талап кылды.

66035
БУУнун Коопсуздук Кеңеши чогулду

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Газага кол салуусун сүйлөшүү үчүн эртең менен шашылыш жыйын өткөрдү, а бирок жыйында мында кандайдыр бир токтом чыккан жок.
Иордания менен Палестинанын чакыруусу боюнча Израилдин Газа кол салуусун талкуулоо үчүн чогулган БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын вето коркутуусунун себебинен мында дагы токтом чыгара алган жок.
Жыйындын аягында чечүүчү болбогон маалымат жарыясын окуган БУУнун Коопсуздук кеңешинин июль айындагы кезектешкен төрагасы Руанданын БУУдагы туруктуу өкүлү элчи Евгений-Ричард Гасана: « БУУнун Коопсуздук кеңеши аймактагы кагылышуулардын күчөп кетишинен жана каза болгон жарандардын санынын көбөйүп кетишинен санааркап жатат. Бул кагылышуулардын дароо соңуна чыгарылышын жана эл аралык адам укуктарына урмат сый көрсөтүлүшүн талап кылууда»,- деди.
Жыйында Египет менен БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун ок атууну токтотулушуна карата аракеттерине көңүл бурулганын сөз кылган элчи Гасана БУУнун Коопсуздук кеңешинин Израиль менен Палестинанын ортосунда 2012-жылдагы ок атпоо келишиминин ишке ашырылышы чакырыгын сөз кылды.
Палестинанын БУУдагы туруктуу байкоочусу элчи Рияд Мансур болсо жарыясында БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйында кандайдыр бир токтом чыгара албаганына капа болгонун айтты.
Мансур: «Биз эң жок дегенде Израилдин кол салууларынын бир токтом долбоору менен айыпталышын күткөн элек. Бирок кеңеште кабыл алынган жарыяга Израилдин канчалык урмат-сый көрсөтөөрүн да көрөбүз»,-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар