БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Израилди айыптады

Пан Ги Мун Израилди токтоолукка чакырды.

66113
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Израилди айыптады

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Израилдин Газада ондогон палестиналыкты өлтүргөнүн айыптап, дароо ок атууну токтотууга чакырды.
Жакынкы Чыгышка сапарынын биринчи аялдамасында Катарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн Пан Ги Мун кол салууларды «аесуз» деп мүнөздөдү.
Пан Ги Мун Катардын борбор шаары Дохада Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад жана Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас менен жолугушту.
Пан жарыясында: «Мен Дохага карай бет алганымда Израилдин кол салууларында дагы ондогон жаран каза болду, бул аесуз кол салууларын айыптаймын»,-деди.
Израилди тынчтанууга чакырган Пан Ги Мун ар кимдин эл аралык адамзаттык укукка урмат-сый көрсөтүшүн талап кылды.
Катардын тышкы иштер министри Халид Аль-Аттийе да Израилдин кол салууларын «кыргын салуу» деп мүнөздөп, «качан кол сала турганы, качан токтой турганы» меселесинин бул өлкөнүн каалоосуна калтырылбашы керектигин айтты.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар