БУУнун жыйынында сөздөр гана сүйлөндү

Рияд Мансур Израиль жасаган кыргындын өзүн коргоо деп мыйзамдыштырыла албай турганын айтты

64341
БУУнун жыйынында  сөздөр гана сүйлөндү

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Израилдин Газага карата кандуу кол салуусун сүйлөшүү үчүн Иорданиянын талабы менен чогулду. Чечим долбоору же билдирүү тексти күн тартибине келбеген жыйында БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр ар дайымкыдай көз караштарын кайталашты. Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Израилдин коопсуздук санааларынын мыйзамдуу экенин айтуу менен калды.
АКШ жана Австралия башта болуу менен бир топ өлкөнүн өкүлдөрү сөзүндө : «Хамастын ракеталык кол салууларынын кабыл алынгыс экенин жана бул кол салуулардын астында Израилдин өзүн коргоо укугу бар»,- деген сөздөр менен башталды.
БУУнун баш катчысынын орун басары Жеффри Фелтман ок атууну токтотуу эрежесин бузган тараптын Газадан атылган ракеталар экенин белгилеп : «Израилдин мыйзадуу түрдө өзүн коргоо укугу бар. Газадан Израилге туш келди ракетанын атылуусун айыптайбыз»,- деди. Фелтман башкы катчы Пан Ги Мундун бүгүн Жакынкы Чыгышка барып соккуну токтотуу үчүн жолугушууларды өткөрөрүн билдирди. Сөз сүйлөөчүлөр аймакта араздашуунун азайтылуусу, жарандардын коргоого алынуусу, гуманитардык жардамдын киришине уруксаттын берилиши жана тараптардын арасында ок атууну токтотуунун түзүлүшү керектигине басым жасады. Жыйын талабын билдирген Иорданиянын өкүлү болсо Израилди ачык түрдө айыптаган бир гана мүчө болду. Палестинанын туруктуу мүчөсүнүн туруктуу өкүлү Рияд Мансур Коопсуздук Кеңешинде көз жашы менен сүйлөгөн сөзүндө Израиль жасаган кыргындын өзүн коргоо деп мыйзамдыштырыла албай турганын айтты. Мансур : «Бул кол салуунун максатынын бирөөсү Палестина макулдашуусун жана улуттук биримдик өкмөтүн жок кылуу»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар