Кытай Израилди ок атууну токтотууга чакырды
Палестина менен Израилдин ортосунда арачылык иш-чараларынын алкагында сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
Кытай Израиль менен Палестинанын ортосундагы тараптарга ок атууну токтотууга чакырды.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий интернет барагында орун алган жарыяга ылайык, министрдин орун басары Кан Мин Израиль, Палестина жана кээ бир араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен борбор шаар Пекинде жолугушуп тынчтык сүйлөшүүлөрүнө колдоо көрсөтүү максаттуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Кан Мин аймакта курчуган чыңалуунун себебинен көп сандаган кишинин каза болгонун белгилеп, бул абалга тынчсыздангандарын сөз кылды.
Карапайын калкты бутага алган ар түрдүү кол салууну айыптагандарын баса белгилеген Кан: «Ушул учурдагы негизги план дароо ок атуу токтотулуп тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кайрадан баштатылуусу үчүн ылайыктуу мүмкүнчүлүктүн түзүлүүсү»,- деди.
Кан Мин айрыкча Кытайдын Жакынкы Чыгыштагы атайын өкүлү Ву Сыкынын Палестина жана Израилдин ортосунда арачылык иш-чараларынын алкагында аймакка барып сүйлөшүүлөрдү өткөрө турганын билдирди.