Пан Ги Мун БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул чогулууга чакырды
Пан Ги Мун өткөргөн маалымат жыйынында Газанын бычак мизинде экенин белгиледи
БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Газадагы абалга байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинен чукул түрдө чогулууну талап кылганын билдирди. Пан Ги Мун өткөргөн маалымат жыйынында Газанын бычак мизинде экенин белгилеп : «Аймакта начарлаган абал эч ким текшерүүгө ала албай турган абалга карай бара жатат»,- деди.
Газадан Израилге ракета атылуусун айыптаганын кайталаган Пан Ги Мун бул кол салуулардын кабыл алынбай турганын жана токтотулуусу керектигин айтты.
Газадагы адамзаттык маселенин чечилүүсү үчүн бардык БУУнун мекемелеринин кыймылга өткөнүн айткан Пан Ги Мун аймак өлкөлөрүнөн да адамзаттык жана саясий темаларда түзүүчү мамиле кылуусун суранды.
Пан Ги Мундун маалымат жыйынынан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кезектешкен башкаруучусу Руанданын БУУнун туруктуу өкүлчүлүгүнөн жасалган билдирүүдө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнүн Газадагы абалды сүйлөшүү үчүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 10до жыйынга чакырганы белгиленди. Билдирүүдө жыйында баш катчы Пан Ги Мундун аймактагы абалга байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешине брифинг берери билдирилди.