БУУнун баш катчысынан тынчтанууга чакыруу

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Батыш Шериада израилдик жаш жигиттердин өлтүрүлүүсүн айыптап тараптарды тынчтанууга чакырды

113768
БУУнун баш катчысынан тынчтанууга чакыруу


БУУнун баш катчылыгынын секретарлыгынан жасалган билдирүүгө караганда жарандардын атайын өлтүрүлүшүнүн эч нерсени туура кылбай турганын белгилеген баш катчы жаштардын үй – бүлөлөрүнө көңүл айтып, Израиль жана палестиналык жетекчилердин, жооптуларды эртерээк табуусу үчүн бирдикте иштөөлөрүн ойлогонун белгиледи. «Тынчтык душмандары тарабынан ишке ашкан бул коркунучтуу кыймылдын» коомдордун арасындагы ишенимсиздик жана бөлүүчүлүктү дагы да тереңдетерин айткан Пан Ги Мун мунун ишке ашуусуна уруксат бербөө керектигин баса белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар