БУУнун Башкы Ассамблеясы 69-кезектешкен төрагасын белгилейт

90461
БУУнун Башкы Ассамблеясы 69-кезектешкен төрагасын белгилейт

БУУнун Башкы Ассамблеясы 69-кезектешкен төрагасын тандоодо.
193 мүчө өлкөдөн турган БУУнун Башкы Ассамблеясы бүгүн 69-кезектешкен төрагасын белгилейт.
Символдук мааниге ээ болгон БУУнун Башкы Ассамблеясында төрагалык кызмат беш аймактын арасында жыл сайын алмашууда. Эми кезек Африка өлкөлөрү тобунда.
Африка өлкөлөрүнүн өз ара макулдашып Уганданын тышкы иштер министри Сэм Кутесаны талапкер көрсөтүшү күтүлүүдө.
Башка топторго болсо Азия, Чыгыш Европа, Батыш Европа жана калган өлкөлөрдөн турган топ кирет. Түркия Батыш Европа жана калган өлкөлөрдөн турган топто орун алууда.
Учурда Латын Америка жана Кариб тобунан шайланган Жон Эш 68-кезектешкен төрагалык кызматын жүргүзүүдө.
Кезектешкен төрагалык кызматы жыл сайын сентябрь айында мамлекет жана өкмөт башчыларынын катышуусу менен өткөрүлгөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын жалпы сүйлөшүүлөрү менен башталып бир жылга созулууда.
Африка өлкөлөрү тарабынан талапкер көрсөтүлгөн Уганданын тышкы иштер министри Сэм Кутесага адам укуктары уюмдары кээ бир себептерден улам каршылык көрсөтүшүүдө. Айрым топтор Кутесанын төрагалык кызматына бөгөт болуу үчүн кол топтоо акциясын баштатышты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар