Буларды билесиздерби?

Немрут тоосу улуттук паркы

1902316
Буларды билесиздерби?

Түштүк -  Чыгыш Анадолу аймагындагы Немрут тоосунун улуттук парк экендигин билесиздерби?

Түштүк -  Чыгыш Анадолу аймагында алп айкелдери менен таанылган Немрут тоосу да ичинде болгон «Немрут тоосу улуттук паркы» 1988 – жылы улуттук парк статусун алган жана 13, 827 гектардык аянтты ээлейт.

Улуттук парк чектеринин ичинде кыдыра турган бир топ жер бар. Немрутта барыла турган биринчи жер келген турситтер күндүн чыгышын көргөн чыгыш терассасы. Унаа менен белгилүү бир жерге баргандан кийин орточо бир сааттай жогору чыга турган жолго кирилет. Жолдогу кереметти көрүү бардык түйшүктү тартууга татыйт. Чыгыш террасасында Немрут тоосу айкелдери менен бирге күндү тосуп алууга болот. Немрут тоосунун батыш террасасы пирамида формасындагы мавзолейдин аркы бетиндеги чыгыш терраса жана кудайлар галереясындагы айкелдер менен дээрлик бирдей.

Бул жерде Коммаген падышасы Антиох I кудайларга салам айтып жатканы жана арстандын фигурасы тартылган беш рельеф бар. Арстандын рельефи "Арстан гороскобу" деп аталган астрологиялык окуяны символдоштурат, ал ар бир 25 000 жылда болуп турган бир астрологиялык окуяны символдойт жана   дүйнөдөгү эң байыркы грек гороскобу экендиги айтылууда. Батыш террасасында аймактын эң бийик тоосу болгон Немруттун башка тоолор жана дөңсөөлөрдүн үстүндө көлөкөсү менен пайда кылган көрүнүштөрдүн кооздугун көрүү арзырлык.

Улуттук парктын ичинде Эски сепил деп да аталган Арсамей урандылары  бар. Мындан тышкары Немрут тоосун так маңдайдан караган Каракуш дөбөсүндө Коммаген падышалыгына таандык эстелик бар. Учурда колдонулуп жаткан дүйнөнүн эң эски көпүрөлөрүнүн бири болгон Жендере көпүрөсү да Немрут тоосунун улуттук паркында жайгашкан. Узундугу 120 метр, туурасы 7 метр болгон көпүрө үстүндөгү латынча жазууга караганда  биздин эрага чейинки 200 - жылдары Рим императору Септимус Северус тарабынан сүйүктүү жубайы жана уулдарынын атына курулган. Көпүрө аркылуу жөө гана жүрүүгө болот. Жендере көпүрөсү түрк киносунда көп жолу колдонулган.



Тектеш кабарлар