Буларды билесиздерби?

Атүрктүн айкелинин АКШнын борбор шаары Вашингтондо экендигин билесиздерби?

1628092
Буларды билесиздерби?

Урматтуу угармандар, Атүрктүн айкелинин АКШнын борбор шаары Вашингтондо экендигин билесиздерби?

2013-жылдын 10-ноябрында, Мустафа Кемал Ататүрктүн  дүйнөдөн кайтышынын 75 жылдыгына карата АКШнын коомдук жайларынан жана Вашингтондун негизги аянттарынан бири болгон Шеридан Серклда алгачкы Ататүрк айкелинин ачылышы болду.

Көпкө созулган жана кыйын процесстен кийин Түркиянын АКШдагы ыйгарымдуу элчилиги менен Ататүрк Америка коому тарабынан айкелди жасоо боюнча сынак уюштурулду. Скульптор Жеффри Холл бул сынактын жеңүүчүсү болду. Ататүрк жөнүндө көп нерсе билбегендиги үчүн Жеффри Холл Ататүрктүн мүнөзү, сырткы көрүнүшү жана кыймыл-аракеттерин байкоо максатында жүздөгөн сүрөттөрдү ошондой эле эски даректүү тасмаларды көрүп таанышып чыкты. 6 айлык даярдыктын акырында бүткөн бул айкел Ататүрктүн колуна китеп кармаган 40 жаш курагын элестетет. Айкел Ататүрктүн бүтүндөй лидерлик ролун баса белгилеген таризде чагылдырылган. Анын колундагы китепке “Нутук/ Кайрылуу” деп жазылган.

Вашингтондун Эмбасси-Роу районунда, Түркиянын элчилигинин резиденциясынын алдындагы коомдук жайда жайгашкан Ататүрктүн айкели 75ке жакын элчилик, консулдук жана ыйгарымдуу элчиликтердин резиденцияларынын арасында эң жагымдуу туристтик жайлардын бири.



Тектеш кабарлар