Буларды билесиздерби?

«Илек илек айылы»

1480357
Буларды билесиздерби?

Түркияда бир «Илек илек айылынын» бар экенин билесиздерби?

Бурсадан 44 километр алыстыктагы Эскикараагач  айылы 2011 – жылы Европа жаратылыш мурасы фонду тарабынан, илек илек досу жана экология менен дыйканчылык шарттарын түзгөнү үчүн Европа  илек илек айылы деп тандалды. Европадагы илек илек айылдары желесинин Түркиядагы бир гана өкүлү болгон айылга илек илектер жыл сайын июнь айында келе башташат жана балапан чыгаруу процессин бул айылда акырына чыгарышат. Жылда 30 – 40  илек илекти конок кылган айылда жана Улубатан көлүнүн айланасында жүргүзүлгөн эмгектер менен адамдын таасирине таянган илек илек өлүмдөрүнүн эң азга түшүрүлүшү максат кылынууда.

Айылга келген бардык илек илек үй  - бүлөлөрү жана сандары байкоо үйүнүн ичинде түзүлгөн системада катталууда.

Өзгөчө байкоо үйүнүн ичинде камеларалар менен жапайы турмуш жана мыйзамсыз аңчылар байкоого алынган система да бар.

Байкоо үйүнүн ичиндеги кичинекей музейде аймакта жашаган ар түрдөгү куштарды иликтөө жана түрлөр тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү да бар. Айылда 3 айга жакын болгон илек илектер август айынан тарта ысык өлкөлөргө уча башташат жана уялары кайрадан бош калат.

Европа илек илек айылдары чынжырына кирген жана илек илек айылы болгон башка өлкөлөр ; Венгрия, Словакия, Польша, Болгария, Испания, Словения, Хорватия, Греция, Германия, Македония, Сербия, Румыния, Австрия жана Швейцария.

Эскикараагач айылындагы Европа илек илек айылдарынын дубалында бул өлкөлөрдөгү айылдар тууралуу да кенен маалымат орун алган.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар