Буларды билесиздерби?

Стамбул марафону

1409364
Буларды билесиздерби?

 

1979 – жылдан бери Азия менен Европа континенттеринин ортосунда чуркоо марафонунун өткөрүлгөнүн билесиздерби?

Улуттук бир гезит тарабынан 1973 -  жылы күн тартибине келтирилген Азиядан Европага чуркоо пикири 1979 -  жылы бир группа немис туристтин демилгеси менен ишке ашырылды. 1 -  апрелде өткөрүлгөн биринчи марофонду көргөндөр муну бир «тамаша» деп ойлошкон.

Азия  - Европа чуркоосу деп башталган марафондун аты кийинки жылдарда Евразия марофону деп өзгөртүлдү.

2005 -  жылы Евразия марафону  «тынчтык ичинде бир дүйнөгө» арналды. Түрдүү өлкөлөрдөн балдар Босфор көпүрөсүнүн үстүндө тынчтык көгүчкөндөрүн учурушту. Өзгөчө бул жылдан тарта өлкө тышында байланыш борборлору ачылды.

2013 -  жылы Евразия марофонунун аты Стамбул марофону деп өзгөртүлдү. 2014 -  жылы Стамбул марофону дүйнөнүн эң мыкты 22, Европанын эң мыкты 11  марофонунун арасында орун алды. Жүз миңден ашуун спорт сүйүүчүсү эки континетти достук сезими менен бириктирип Стамбул марофонун дүйнөнүн эң көп кызыгуу тарткан марофонуна айландырды.



Тектеш кабарлар