Буларды билесиздерби ?

“Анкара эчкиси жана тыбыты»

1382450
Буларды билесиздерби ?

Бир топ өлкөдө мохер Ангора деп аталган тыбыттын Анкара эчкисинен алынгандыгын жана бүткүл дүйнөгө жайылгандыгын билесиздерби?

Ата мекени Орто Азия болгон Анкара эчкиси 13 -  кылымда Анадолуга көчкөн түрк уруулары менен Анадолуга келген жана бүгүн ээ болгон өзгөчөлүктөрүнө Орто Азияда жетишкен. Анкара эчкилери бийик жерлерде, кургак жана аз жамгыр жааган климаттарда багылган кичинекей жана сүйкүмдүү жаныбарлар.

20 -  кылымга чейин бир гана Анкарада жана тегерегиндеги облустарда багылган Анкара эчкиси ар башка жылдарда бул аймактардан тышка жиберилген бирок барган бардык жерлерде атын сактап калган. Анкара эчкисинен алынган тыбыттар дүйнө текстилинде эң баалуу материал. Тыбыт ак түстө болуп, чыдамдуу, жалтырак, ысыкка чыдамдуу, оңой боёлот жана оңой менен кирдебейт. Койдун жүнү, пахта жана синтетикалык жиптер менен оңой эле аралашкандыктан токуу өнөр жайынын баш тартылгыс материалдарынын бирөөсү.

Бүгүн Түркия тышында Түштүк Африка, АКШ, Лесото, Аргентина, Австралия жана Жаңы Зеландия сыяктуу өлкөлөрдө Анкара эчкиси багылууда.



Тектеш кабарлар