Азербайжан армиясы дагы 13 айылды баскынчылыктан бошотту

Алиев дагы 13 айылдын Армениянын оккупациясынан бошотулганын жарыялады.

1514904
Азербайжан армиясы дагы 13 айылды баскынчылыктан бошотту

Азербайжандын президенти Илхам Алиев дагы 13 айылдын Армениянын оккупациясынан бошотулганын жарыялады.

Алиев Твиттердеги баракчасынан: «Жеңишке жеткен Азербайжан армиясы Хожавенд облусунун Доланар жана Бунядлы айылдарын, Жабраил облусунун Тумас, Нусус, Хелефли, Минбашылы жана Вейселли айылдарын, Заенгилан облусунун Венедли жана Мирзехесенли айылдарын оккупациядан куткарды. Жашасын Азербайжан армиясы. Карабах Азербайжандын жери» деп бөлүштү.

Президент Алиев Губадлы облусунун Зиланлы, Күрт Махрызлы, Муганлы жана Алакуршак айылдары да Армениянын оккупациясынан бошотулгандыгын сүйүнчүлөдү.

Азербайжан армиясы Тоолуу Карабахта 27-сентябрда башталган операцияда 3 шаардын борборун, 3 кыштакты жана 130дан ашык айылдарды жана айрым маанилүү дөбөлөрдү Армениянын оккупациясынан бошотту.



Тектеш кабарлар