НАТО: «Тоолуу Карабактагы жаңжалга катышуучу эмеспиз»

Йенс Столтенберг менен Армениянын президенти Армен Саркисян Бельгиянын Брюсселдеги НАТОнун штабында жолугушкандан кийин басма сөзгө билдирүү жасашты.

1513798
НАТО: «Тоолуу Карабактагы жаңжалга катышуучу эмеспиз»

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг , шериктештиктин Тоолуу Карабахтагы жаңжалга катышуучу эмес экендигин Армениянын президенти Армен Саркисянга  эскерткенин айтты.

Йенс Столтенберг менен Армениянын президенти Армен Саркисян Бельгиянын Брюсселдеги НАТОнун штабында жолугушкандан кийин басма сөзгө билдирүү жасашты.

Столтенберг, Тоолуу Карабахтагы кырдаалды талкуулагандарын белгилеп, «Мен мырза президентке НАТО бул жаңжалдын бөлүгү эмес экендигин эскерттим. Азербайжан дагы, Армения дагы 25 жылдан ашуун убакыттан бери НАТОнун баалуу өнөктөштөрү болуп келишкен»,- деди.

НАТОнун ок атышпоо келишиминин бузулушунан тынчсызданып жаткандыгын баса белгилеген Столтенберг, чыр-чатактарды токтотуунун, азаптарды жеңилдетүүнүн жана тынчтык жолу менен чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Столтенберг тараптарды кыраакылыкка жана ок атышпоо режимине баш ийүүгө чакырып, чыңалууну мүмкүн болушунча тезирээк басаңдатууну каалаарын билдирди. Башкы катчы, «Карапайым жарандарды бутага алуу кабыл алынгыс жана тезинен токтотулушу керек. Бардыгы туруктуу саясий чечим үчүн иштеши керек. Армения менен Азербайжан сүйлөшүүлөрдү улантышы керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар