Алиев: «Армения согуш кылмышын жасады»

Алиев, мыкаачы душман менен бетме-бет келгендерин билдирди.

1513987
Алиев: «Армения согуш кылмышын жасады»

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын Генжеге ракеталык чабуул жасоо менен согуш кылмышын жасаганын билдирди.

Илхам Алиев Азербайжанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн коомдук башкы аудитор Шереф Малкочту кабыл алды.

Алиев кабыл алууда сүйлөгөн сөзүндө Армениянын Азербайжандын жарандык конуштарына жасаган кол салууларына шилтеме кылып, мыкаачы душман менен бетме-бет келгендерин билдирди.

Армения армиясынын Азербайжандын экинчи чоң шаары болгон Генжеге баллистикалык ракеталар менен эки жолу кол салгандыгын эске салган Алиев: «Бул согуш кылмышы болуп саналат. Ереван администрациясы бул кылмыш үчүн жооп берет. Бул атайылап жасалган кылмыш. Көптөгөн жарандарыбыз, анын ичинде балдар жана аялдар курман болушту. Бул армян фашизминин жырткыч мүнөзүн дагы бир жолу ачыкка чыгарууда»,-деди.

Бүгүн эртең менен армян күчтөрү тарабынан Тертерге 190 ок жана Агдамга 90дон ашуун ок атылгандыгын, кээ бир күндөрү Тертерге 2 миң ок тийгенин эске салган Алиев:

«Алар биздин шаарларды талкалоону, Азербайжан элинин эркин бузууну каалашат. Бирок алар муну аткара албай, ачуулана башташты. Биз согуш майданында өч алуудабыз. Карапайым калкка каршы эч кандай кадам таштаган жокпуз, биз ага барбайбыз. Армения дүйнөгө чоң коркунуч туудурат. Арменияны башкарган кылмышкер фашист, биздин аймак үчүн чоң  коркунуч жана Азербайжан бул коркунучту жоюу үчүн колунан келгендин бардыгын жасап жатат»,-деп айтты.

Алиев, Түркиянын Азербайжанга колдоосун жогору баалап окуялардын түрк басма сөзүндө кеңири чагылдырылып жаткандыгын, Азербайжандын акылуу доосунун дүйнө жүзүнө түрк басма сөзү аркылуу жарыяланып жатканын билдирди.

Айрым өлкөлөрдүн басма сөздөрүнүн Арменияга жан тарткандарын эске салган Алиев: «Бул чоң акыйкатсыздык, алдамчылык»,- деди.

Коомдук башкы инспектор Малкоч да аймакка Армениянын оккупациясынан бошотулган аймактардагы адам укуктарынын бузулушун иликтөө, отчет берүү жана дүйнөгө жарыялоо үчүн келишкенин билдирди.

Малкоч отчетту дүйнөнүн төрт бурчундагы акыйкатчыларга, айрыкча Ислам өлкөлөрүнө, БУУ, Европа Биримдиги (ЕБ), Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) сыяктуу эл аралык мекеме жана уюмдарга, Адам укуктарын коргоочу уюмдарга жөнөтө тургандарын билдирди.



Тектеш кабарлар