Азербайжан : "Иранга атылган ракеталар Армения армиясы тарабынан атылды"

Азербайжан Иран территориясына түшкөн ракетанын Армения армиясынан атылгандыгын жарыялады.

1510744
Азербайжан : "Иранга атылган ракеталар Армения армиясы тарабынан атылды"

Азербайжан Иран территориясына түшкөн ракетанын Армения армиясынан атылгандыгын жарыялады.

Азербайжандын тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Азербайжан армиясынын жерлерин куткаруу үчүн операцияларынын улантылып жаткандыгы, артка чегинген Армения күчтөрүнүн  провокация максатында Иранга ракета аткандыгы билдирилди.

Маалыматта : «Тымызын душмандын бул кыймылы бизди кыжырдантууда. Боордош Иран калкынын тынчсыздануусун тең бөлүшөбүз»,- деп билдирилди.

Азербайжанга дос жана боордош өлкө болгон Ирандын Армениянын агрессивдүү саясатын айыптагандыгы жана Азербайжандын жеринин бүтүндүгүнө колдоо бергендиги эске салынган маалыматта булар жазылды : «Бүгүн боордош Иран калкынын  колдошуусун сезип жана Иран өкмөтүнүн расмий түрдө жарыялаган колдоосун жогору баалайбыз».

Тоолуу Карабахта болуп жаткан кагылышуулардан улам Ирандын Хүдаферин районунда 2 айылга 10 ракета түшүп, ракеталар келип түшкөн бир үй кулап, бир киши да жараланган.

Иран мунун кайра кайталанбашы үчүн тараптарды эскерткен болчу.



Тектеш кабарлар