Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор - 09

Аскердик авиациялык заводдор.

1079864
Коргонуу боюнча  улуттук долбоорлор  - 09

Түрк Харб  - иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин пикири.

Түркияда аскердик комплекстер менен кеме жасоочу жерлердин мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрү өлкөнүн коргонуусунда маанилүү орунга ээ. Бирок маанилүү ийгиликтерге кол койгон аскердик заводдор менен кеме жасоочу жерлердин мүмүкнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрү коомчулук тарабынан жетеринче билинбей жатат. Кээде да бул комплекстерде чыгарылган жана коргонуу өнөр жай продукциялары кудум башка жерлерде чыгарылып жаткандай көрсөтүлүүдө. Аскердик заводдор менен кеме жасоочу жерлер коомчулуктун эң түшүмдүү иш жерлеринин башында турат. Жылдын эң ийгиликтүү жумушчулары менен комплекстер көпчүлүк учурда аскердик иш жерлеринен чыгат. Коргонуу өнөр жайынын өнүгүшүндө жана улутташуусунда аскердик иш жерлери жана бул жерде иштегендер сектордун көрүнбөгөн каармандары. Түркиянын террор менен күрөшүндө өлкө ичинде жана өлкө тышындагы операцияларында аскердик иш жерлери офицер, старшина, аскердик кызматкер жана өзгөчө жумушчулар менен маанилүү иштерге кол коюда.

15 -  июлдагы козголоң кыймылынан кийин аскердик системада киргизилген өзгөртүүлөр аскердик завод – фабрикаларда да кээ бир өзгөртүүлөрдүн болушуна себеп болду. Аскердик иш жерлери улуттук коргоо министрлигине караштуу Аскердик завод  - фабрикалардын башкы директорлдугу менен кеме жасоочу жерлердин башкы директорлугу катары эки башкы директорлуктун чатыры астында  чогулду. Түркияда азыркы учурда Аскердик завод  - фабрикалардын башкы директорлугунун негзинде  иш алып барган көп сандаган маанилүү жана ийгиликтүү аскердик иш жерлери бар. Бул жазууда Эскишехирде авиация тармагында ийгиликтүү түрдө алдыга чыккан 1 -  авиация заводунун директорлугунан сөз кылам. Алдыбыздагы жазууларда да башка ийгиликтүү иш жерлерин таанытууну улантабыз.

 

Учак оңдоочу жерлерден  1 -  авиациялык кароо 1926 -  жылы Эскишехир учак оңдоочу жер деп курулган 1 -  авиациялык камсыздоо жана тейлөө борбору командирлиги бүгүн 92 жашта. Бул жерде 1950 -  жылдарга чейин аба күчтөрүнүн инвентарындагы паралуу учактарды оңдоо иштери аткарылган. 1950 -  жылдан баштап аскердик учакарга багытталган оңдоо иштеринде 1970 -  жылга чейин өткөн убакыттын ичинде Ф  - 84, Ф – 86 жана Ф  - 100 моделиндеги учактар тейлөөгө алынган.  Аскердик иш жери 1968 -  жылы алгачкы реактив мотор жаңылап, техникалык мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүн кеңейткен. 1979 -  жылы Ф  - 4 учагы менен башталган кенен учак завод деңгээлинде оңдоо жана жаңылоо иштерин 1980 -  жылдарда башка учактарды оңдоо менен уланткан. 1992 -  жылы биринчи Ф  - 110 моторунун кыймылдаткачы  болгон жөндөмдүүлүктөргө кошумчаланган. 1997 -  жылы Ф  - 4 учактарынын модернизациясы менен башталган учак модернизациясы долбоорлору кийинки жылдарда башка учактар үчүн ишке ашырылган долбоорлор келди. 2006 -  жылы башталган иштер менен Түркиянын биринчи мотор текшерүү блогу болгон АТЫЛЫМ бул иш жеринен программа жана камсыздоо катары толугу менен улуттук мүмкүнчүлүктөр менен өнүктүрүлгөн. 2016 -  жылы улуттук коргоо министрлигинин негизинде Аскердик завод  - фабрикалардын башкы директорлугуна караштуу болуп, 1 – авиациялык оңдоо заводунун директорлугу деп аталды.

77 учак заводдук деңгээлде оңдолуп жатат.

Бүгүн көпчүлүгү жумушчулардан турган 260шы инженер болгон жалпы 2300 кызматкери менен жылда 77 учак кароого алынууда. Бул иштерге кошумча катары 200 моторду кайра карап чыгуу жана учакка таандык каражаттардын калибри да ушул комплесте жасалууда. Комплексте өзгөчө F-16 PO-III, T-38M Arı жана T-38 PC-III модернизациялары акыркы мезгилде турмушка ашырылган маанилүү долбоорлор. Азыркы учурда жоопкерчилигине берилген куралдуу системалардын инженердик иштеринин негизинде  техникалык башкаруу жоопкерчилиги жана оңдоо иштеринин негизинде технологиялык оңдоо борбору иштерин улантууда. Аскердик завод, аба күчтөрү командирлигинин кыймылдуулук таасирдүүлүгүн логистикалык жактан колдоо жана өнүктүрүү максатында жоопкерчилигине берилген, курулган курал системалары менен каражаттардын техникалык башкаруу жоопкерчилигин орундатууда. Оңдоо, тесттен өткөрүү жана бул иштер үчүн керектүү тетиктерди өндүрүүдө жана сапат ишенимин да берүүдө. Коомдук булактар менен түзүлгөн комплексте акыркы технология, каражаттар менен көпчүлүгү жумушчулардан турган офицер, старшина жана башка кызматкерлер иштеп жатат.

Европанын оңдоо жана тейлөө борбору

1 -  авиациялык оңдоо заводунун директорлугу көк жүзүндө технология жарышы эселенүү менен арткан бул күндө өндүрүш, оңдоо, модернизация  тармактарында  ээ болгон эл аралык сапат, экология, эмгекти коргоо жана коопсуздук документтери менен ишин дүйнөлүк стандарттарда улантууда.

Иш жери көз карашы «Аба күчтөрү командирлигинин аймактын эң күчтүү авиация жана космостук күчү болушуна салым кошкон логистикалык борбор болуу» деп белгиленген. Ээ болгон адам күчү  булагы жана мүмкүнчүлүктөрү менен бир гана түрк куралдуу күчтөрүнүн эле эмес ошол эле учурда JSF учагы F135 моторунун аймактык оңдоо борбору болушу менен бирдикте Европа өлкөлөрүнүн да кароо – оңдоо борбору болуу абалына жетишти.

Ээ болгон жөндөмдүү кызматкери, тажрыйбасы, сапат түшүнүгү жана орчундуу жөндөмдүүлүктөрү менен бүгүн болгондой келечекте да авиация секторуна коомдук комплекс катары кызмат кылууда. Ушундайча коргоо өнөр жайынын улутташуусуна маанилүү салым кошту.

 

 

 



Тектеш кабарлар