Жеңгенде немис, жеңилгенде мигрант болдум

Күн тартипке сереп салуу-32

1030110
Жеңгенде немис, жеңилгенде мигрант болдум

Жеңгенде немис, жеңилгенде мигрант болдум

Европада жикчилдик жана исламофобия барган сайын күчөп баратат. Европа Биримдигинин негизги өлкөсү Германияда, национал социалист өтмүшүндөгү тренддерге окшош процесс жүрүп жатканы көрүнүүдө. Жикчилдик жана исламофобия нормалдаша баштаган Германияда болуп жаткан Месут Өзил чатагы жана Германиянын улуттук курама командасынын жылдызы Месут Өзилдин курама командадан чыгуусу жикчилдиктин жана исламофобиянын канчалык илгерилеп кеткенин көрсөткөн маанилүү абал болуп эсептелет.

SETA (Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду) аналисти-жазуучу Жан Ажундун бул тема тууралуу талдоосу.

Месут Өзилдин президент Режеп Таййип Эрдогандын Англияга сапарынын алкагында Түркиянын Президенти менен бирге сүрөткө түшкөнү немис медиасы жана Германиядагы саясатчылар тарабынан немис коомчулугунда дүйнөлүк кубоктун алдында чоң кризиске айланды. Чындыгында 2010-жылдан бери ар бир мүмкүнчүлүктө жолуккан жана сүрөткө түшкөн президент Режеп Таййип Эрдоган аркылуу бутага алынган Өзил, жикчилдик кол салууларга дуушар болду. Өзил акаараттар жана коркутууларга дуушар болгонуна карабастан үн катпай келди, бирок Германиянын Футбол федерациясынын төрагасы Рейнхард Гринделдин талабына каршы чыгып президент Режеп Таййип Эрдоган менен түшкөн сүрөт үчүн кечирим сураган эмес.

Германиянын Улуттук курама командасынын Дүйнөлүк кубоктон чыгып калышынын маалыматын бүтүндөй немис медиасы Месут Өзилдин сүрөтү менен чыгаруулары жана Германиянын Футбол федерациясынын төрагасы Рейнхард Гринделдин немис курама командасынын Дүйнөлүк кубоктон чыгып калышына Месут Өзилди жооптуу көрсөтүшү, чыдамды кетирген акыркы тамчы болду. Ошондой эле Месут Өзил президент Режеп Таййип Эрдоган менен түшкөн сүрөттөн мурда үмре зыяратында бөлүшкөн сүрөттөрүнөн улам исламофобиялык кол салууларга жана кыймылдарга дуушар болду.

Месут Өзил болсо үн катпоосун бузуп үч бөлүмдөн турган манифест жарыялады. Чындыгында Месут Өзилдин чоң эрдик кылып Твиттерден англис тилинде бөлүшкөн манифести, Германияда жикчилдик жана исламофобиянын келип жеткен жерин бардык жагынан көз алдыга жайды. Ал: «Жеңгенде немис, жеңилгенде мигрант болдум»,-деди. Месут Өзил чындыгында жарыялаган манифести менен кошо футболдун Мухаммед Алиси болду. Германияга жана өзгөчө Германиянын Футбол федерациясына каршы катуу сындоолорду айткан Месут Өзил, Германияда жашаган түрк жана мусулман азчылыктын үнү да болду.

Манифестинде Германиядагы жикчилдикке, эки жүздүү мамилеге көңүл бурду жана өзүнүн Түркия жана Германия деп соккон жүрөгү бар экенине басым жасады. Өзилдин  президент Режеп Таййип Эрдоган менен түшкөн сүрөтүн жактоосу жана Германия үчүн ээ болгон ондогон ийгиликке карабастан жикчилдик кол салууларга дуушар болгонун так түрдө жарыялоосу, чындыгында Гегрманияда жашаган түрктөрдүн ой-пикирлерин жана сезимдерин да өкүлдүк кылууда. Ошондуктан өзгөчө Германияда жашаган түрк тектүү жарандар социалдык медиа түйүндөрүндө Месут Өзилди баатыр сыяктуу куттукташты.

Өзилдин манифести канчалык Германиядагы түрктөр жана мусулмандар үчүн үн болуп же алардын ой-пикирлерин жана сезимдерин өкүлдүк кылган болсо дагы, эмне үчүн бир футболчунун жана эмне үчүн бир эл өкүлүнүн түрк жана мусулман азчылыгынын ой-жүгүртүүсүн жана сезимдерин өкүлдүк кылбаганы боюнча суроо пайда болууда. Немис парламентинде орун алган түрк тектүү эл өкүлдөрүнүн жана Германиядагы саясий партиялардын түрк жана мусулман азчылыкты өкүлдүк кылбоосу жана алардын көйгөйлөрү менен алектенбөөсү Германия үчүн чоң маселе болуп эсептелет. Бир тараптан Германияда жикчилдик жана исламофобия күндөн күнгө күчөп бара жатканда, экинчи тараптан Германиядагы түрктөрдү жана мусулмандарды өкүлдүк кылган эч бир эл өкүлү болбогону кызык.

Өзгөчө Германиядагы бул чуулгандуу окуядан улам Германияда жашаган түрктөрдүн жана мусулмандардын укуктарын коргоо, аларга ишеним бериш үчүн Түркиянын Германияда дагы таасирдүү жана дагы активдүү саясат жүргүзүүсү керек. Түркиянын немис коомчулугунун ичинде түрктөр жашаганын сездириши жана Германиядагы түрктөр жана мусулмандар үчүн күрөш жүргүзүүсү, Германиядагы түрктөргө жана мусулмандарга дем күч берип, чындыктарды коомчулуктун көз алдына жайган жаңы Месут Өзилдерди чыгарат. Түркиянын Германияда активдүү жана тасирдүү саясат ишке ашыра албаган учурунда болсо Германиядагы түрктөр жана мусулмандар барган сайын жикчилдик жана исламофобия күчөгөн немис коомчулугу менен бетме-бет келет.

SETA (Саясат, экономика жана коомдук изилдөөлөр фонду) аналисти-жазуучу Жан Ажундун бул тема тууралуу талдоосун окудуңуздар.



Тектеш кабарлар