Батышка карата үч түрдүү турум

Глобалдык перспектива-31

Батышка карата үч түрдүү турум

Глобалдык перспектива-31

Батышка карата үч түрдүү турум

Акыркы 200 жылга көз чаптырылганда Осмон империясынын акыркы мезгили, Республика мезгили жана заманбап ойчулдардын негизги талаштуу жагдайларынан бири Батышка карата кандай мамиле кылына турганынын жактырылышы болгон.  Танзимат (реформа), Батыш цивилизациясы, Европа Биримдиги жана акыркы мезгилдерде да глобалдашуу тууралуу ар башка түшүнүктөр боюнча жүргүзүлгөн талаш-тартыш, негизинен Батышка карата өзүбүздүн кандай позицияга турганыбызга карата негизги талаштын уландысы болуп саналат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Осмондуктун акыркы мезгилдеги ойчулдарынын Батышка, Батыш цивилизациясына байланыштуу негизинен үч башка көз карашты өнүктөргөнү айтылса болот.  Ийкемдүүлүк катары айтыла турган алгачкы көз караштын эң негизги үлгүсү ал мезгилдин «Ичтихад» журналынын ээси жана жазуучусу Абдуллах Жевдеттин көз карашы эле. Жевдетке караганда жалгыз бир цивилизация бар. Ал болсо Батыш цивилизациясы. Батыш цивилизациясы тикенеги жана роза гүлү менен кошо кабыл алынышы керек эле. Андай болбосо жок болуп кетүүбүз турган иш болчу.

Экинчи көз караш болсо четке кагуучулук көз карашы катары аталат. Кадимки реакциясы менен Батыш тууралуу эмне бар болсо буга каршы чыккан, Батышты кудум эле бардык жамандыктардын булагы катары караган көз караш.

Үчүнчү көз караш болсо кайдыгер болбогон же ишенимдүү көз караш деп аталган. Бул көз карашта Батыштын империалисттик изденүүлөрү көрмөксөнгө салынбайт. Муну менен катар ийкемдүүлүк менен четке кагуучулуктун ортосунда кайдыгер карабаган көз караш өнүктүрүлөт. Батышка карата ызырынуубуздун батыштын оң жактарын жана өз терстиктерибизди көрүшүбүзгө тоскоол болбоосу талап кылынат. Бул көз караштын эң так белгиси 1-Дүйнөлүк согуш жылдарындагы Осмондук садразамы (премьер-министри) Саид Халим Пашада так байкалат. Пашага караганда ошончо баштан өткөргөндөргө карабастан Чыгыштын жана Батыштын чогуу жанаша жашоосу, бири-бирилерин жакшы таануулары керек. Чыгыш жана Батыштын ортосундагы карама-каршылыкка жалгыз гана Батыштын күнөөлүү болбогонун, бул жыйынтыкка Чыгыштын да үлүшү болгонун айтат. Паша «Таасуб» (фанатизм) аттуу чыгармасын жазуусунун максатынын бул эки коомчулуктун ортосундагы кекчилдик жана душмандыкты арттыруу эмес, жанаша жашоого аргасыз жана бири-бирин таанып билүүгө ошондой эле мажбур эки коомчулуктун ортосунда жакшы карым-катнаштар түзүлүшүнө тоскоол болгон жаңылыш пикирлердин жана кара мүртөздүктүтөрдүн жоюлушу экенин белгилейт.

Жаңылыш позициялар жана жыйынтыктары

Бул талаш-тартыштар тарыхта калган талаштар эмес. Бүгүнкү күндө дагы да кайгыга салат. Глобалдашуу процесстери менен чыгыштын, батыштын, түндүктүн, түштүктүн аймактык жана аныктама түшүнүгүндө кайдан башталып кайдан бүткөнү эми мурдагысындай анык эмес. Дүйнө жүзү дагы көп аралашкан абалда. Дүйнө жүзүнөн изоляцияланган түрдө өз маданий чек араларынын ичинде калуу эми татаал.

Бүгүнкү күндө Батышта миллиондогон мигрант жана мусулман жашайт. Географиялык жактан Батыштын тышында жашаган коомчулуктардын Батыш тууралуу позицияга туруу аракеттерин мындай таштап ушул жерден баштай алабыз. Батышта жашаган коомчулуктар туурасында талкуу жүргүзө алабыз. Анткени Батыш коомчулуктарынын арасында жашаган мигранттар жана мусулмандар аркылуу бул маселе дагы жакшы түшүнүлөт, жаңылыш позиция алуулардын оор, кулатуучу жана жок кылуучу жыйынтыктары дагы жакшы түшүнүктүү болот. Башка тараптан Батыштын тышындагы коомчулуктардын Батыш туурасында позициялары да ушул айтылган үч көз караштын тышында эмес.

Бүгүнкү күндө Батышта жашаган мигранттар жана мусулмандардын арасында, Осмондук интеллигенттердин арасында да байкалган ийкемдүү жана четке кагуучу көз караштардын абдан көп жайылганын айта алабыз. Ичине түшкөн жеңилүү психологиясы менен адамдар ийкемдүүлүк же болбосо четке кагуучулук  боюнча радикалдашып кетет.

Австралия, Канада, АКШ сыяктуу өлкөлөрдө ар башка өздүктөгү адамдар жана маданияттар салыштырмалуу дагы эркин жашап жатышат. Бул абалдын натыйжасы катары бул өлкөлөрдө жашаган мигранттар жана мусулмандар, ичинде жашаган коомчулуктарга дагы аз реакция көрсөтүшөт. Балким ушул себептен дагы ылдам интеграцияланып жатышат. Европада болсо өлкөлөрдүн дагы көп кысым көрсөтүүчү, ассимиляция кылуучу, реакция көрсөтүүчү саясаттарынын себебинен ийкемдүүлүк жана четке кагуучулук көз караштар дагы көп көрүнүүдө. Бул өлкөлөрдө мигранттар, ала келишкен маданият жана ишеничтери менен ичинде жашаган коомчулуктун баалуулуктары жана ошол мамлекеттердин кыстоочу саясаттарынын ортосунда калганда ийкемдүүлүккө же болбосо четке кагуучулукка багытталушууда.

Четке кагуучулук жагынан өз кимдик жана маданияты менен туш болгон Батыш өлкөсүндө кабыл алынбаган же өзүн түшүндүрө албаган бирөөлөр, ичинде жашаган коомчулуктун бардык баалуулуктарын, институттарын тобу менен четке каккан көз карашка ээ болушууда. Ушундай радикалдыкка багытталган кишилер көп өтпөй өзү жашаган ошол коомдон толугу менен четке чыгууда. Бул баскычтан кийин бул эл катмарларынын өздөрүнө, келген өлкөлөргө жана жашаган коомго салым кошо алуу потенциялы да калбайт. Бул эл катмарлары көп өтпөй террордук уюмдар дагы оңой эле пайдубал түптөй алган катмарларга айланууда. Ушул себептен Ооганстан, Ирак, Ливия сыяктуу батыш тарабынан басылып алынган өлкөлөрдөн тышкары ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдарга эң көп кошулуу батыштык өлкөлөрдөн ишке ашып жатат. Бардык нерсеге каршы чыккан, бардык нерсени четке каккан психологиялык кыйроого түшкөн Батыштагы бул эл катмарлары үчүн террордук уюмдар кутулуунун жолу сыяктуу көрүнүүдө. Чындыгында бул жаштар англис, француз, немис тили сыяктуу бир топ тилдерди билишет. Айрымдары жакшы билим алган абалда. Келген өлкөлөрүнүн маданияттарын жана тилдерин дагы билишет. Туура позицияга ээ болушса Батыш үчүн дагы, келген өлкөлөрү үчүн дагы деңиздеги маяк сыяктуу жаркылдачу убагында, жаңылыш турумдар менен террор уюмдарынын чеңгелине түшүп жок болушууда. Четке кагуучулуктун жок болуудан тышкары,керек болсо бул психологияга ээ болгон кишилер жана керек болсо жашаган коомдору үчүн эч бир келечеги жок. Ушул себептен четке кагуучу мамиле, плюрализмди коркунуч катары караган жеке кишилерден турган катмарлар жана айрым батыштык чалгындоо кызматтары тарабынан дагы колдоо көрүп жатышат. Бул кызматтар, четке кагуучу катмарлардын жана көз караштардын мусулман өлкөлөргө өткөрүлүшүнө карай аракеттерди жумшоодо.

Четке кагуучулуктун тескериси катары Батышта жашаган мигранттар башка жаңылыш позиция катары ийкемдүүлүк көз карашын тандашууда. Ийкемдүү мамиленин тандалышында ичинде жашаган коомдун, мамлекеттин башка эч бир чыга турган жол калтырбоосунун да таасири чоң. Ийкемдүү көз караштагы кишилер өткөндө ээ болушкан баалуулуктарды, ишеничтерди, маданияттарды толугу менен таштап ассимиляция болууда. Ийкемдүү бирөөлөрдүн өз эркиндиктерин толугу менен таштагандыктан, ичинде жашаган коомчулукка салым кошуу потенциясы жок болот. Ийкемдүү катмарлар ичинде жашаган коомчуулуктарга  жагынуу же өздөрүнөн ушундай нерсе күтүлгөнү оюу менен же келечек санааркоосу менен өз маданияттарын, коомчулуктарын жана келген өлкөлөрүн тынымсыз кемсинтүү психологиясы менен жашоодо. Бул абал чындыгында эч качан бүтүндөшө албаган мамиленин бардык окуяда кайрадан өндүрүлүү аракетинин көрүнүшү  болушу мүмкүн. Европадагы мигранттардын арасынан чыгып ассимиляция болгон айрым эл катмарларынын, өзү чыккан коомчулукка, маданиятка жана өлкөгө карата ашкере реакция көрсөтүшүнүн себебеби да болушу мүмкүн. Бул радикалдык мамилеге мигранттардын өз ичинен чыккандар тарабынан кемсинтилүүсүнө, жашаган өлкөнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан колдоо көрсөтүлсө, бул абал жашалган өлкө менен мигранттардын жана келген өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштын дагы да ууланышы менен жыйынтыкталышы мүмкүн.

Кайдыгер карабаган позиция деген эмне экенин, эмдиги уктуруубузда улантабыз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар