Түркиянын улуттук кемеси-МИЛГЕМ

Коргонуу боюнча улуттук долбоорлор-2

Түркиянын улуттук кемеси-МИЛГЕМ

Түркиянын улуттук кемеси-МИЛГЕМ

Түркиянын эң маанилүү долбоорлорунан бири болгон Деңиздин астынан коргонуу согуштук жана чалгындоочу күзөт кемеси (МИЛГЕМ) долбоору жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен аскердик ишканаларыбыздан Стамбулдагы кеме куруучу жай командирлигинде жасалып чыкты. Долбоордун алкагында ушул убакка дейре өз муктаждыгыбыз болгон 4 улуттук кемени жасап чыгардык. Айрыкча Пакистандын Деңиз күчтөрүнүн муктаждыгы болгон 4 кеменин курулуу тендерин утуп алдык.

Түрк согуш-иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тема тууралуу баамдоосун сунуштайбыз...

 Түркиянын эң маанилүү долбоорлорунан бири болгон Деңиздин астынан коргонуу согуштук жана чалгындоочу күзөт кемеси (МИЛГЕМ) долбоору жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен аскердик ишканаларыбызда жасалып чыкты. Долбоор башталгандан кийин кээ-кээде айрым тоскоолдуктар чыгат. Түркияда ушул алкакта жасалып жаткан улуттук коргонуу техникасына байланыштуу тоскоолдуктар бул жерде да көрүндү. Буга карабастан долбоор токтотулган жок. Стамбулдагы Кеме куруучу жай командирлигинде жүргүзүлгөн долбоор тууралуу ал убактагы премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган кабардар болот. Ал убактагы премьер-министр Режеп Таййип Эрдоган, долбоорду милдеттенген командирлерге «МИЛГЕМ долбоору үчүн эмне керек болсо сөзсүз жасагыла мен колдоймун»,-дейт.  Бул убада жана көрсөтүлгөн колдоолор менен бүгүнкү күндө төртүнчү кемебизди деңизге чыгардык. Муну менен катар Пакистанга 4 кеме куруп берүү келишимине кол койдук.  Долбоордун алкагында алгачкы кемебиз болгон ТЖК ХЕЙБЕЛИАДА (Ф-511) 2011-жылы 5-сентябрда, экинчи кеме ТЖК БҮЙҮКАДА (Ф-512) 2013-жылы 27-сентябрдан тарта тейлөөгө киргизилди жана Деңиз күчтөрү командирлигинин алкагында кызматын өтөөдө. Үчүнчү кеме ТЖК БУРГАЗАДА (Ф-513) 2016-жылы 18-июнда, төртүнчү кеме ТЖК КЫНАЛЫАДА (Ф-514) 2017-жылы 3-июлда деңизге түшүрүлүп, учурда жабдыктары жасалууда.

МИЛГЕМ Корвети жогорку коопсуздук өзгөчөлүгүнүн алкагында суу астында болгон жарылуунун соккусуна туруштук берүүчү кеме түзүлүшү менен курулду. Кандайдыр бир тылдык колдоо албастан 10 күн бою деңизде жүрө алуу өзгөчөлүгүнө ээ. Технологиялык өнүгүүлөргө параллель түрдө өнүктүрүлүү жана ылдам түрдө алмаштырылуу конфигурациясына ээ кылынды. Айрыкча 10 тонналык тик учакты күнү-түнү дебестен кондуруп-учуруу өзгөчөлүгү бар.

МИЛГЕМ Корвети; суу үстүндөгү согуш, деңиз астынан коргонуу согушу, абадан коргонуу согушу, чалгындоо-күзөтүү, ассимметриялык коркунучтарга каршы коргонуу жана башкаруу-текшерүү милдеттерин аткара алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Бул өзгөчөлүгү менен дүйнөнүн эң өнүккөн аскердик жөндөмдүүлүктөгү кемелеринен бири болуп эсептелет.

МИЛГЕМ, көп сандаган өзгөчөлүк жана системага ээ. Ушул алкакта жумшала турган кыймыл милдеттерин аткара алуу максатында;

-Аба, суу үстү, суу асты жана электроникалык согуш максаттуу, өнүккөн бутаны издөө жана байкоо системасына,

-Суу үстүндөгү буталарга карай багытталган ок жана замбирек системаларына,

-Суу астындагы буталарга карай торпедо ситемаларына,

-Электроникалык колдоо жана лазердик эскертүү системасы (LİS) менен RF/Лазердик байкоосу болгон радар жана  G/Mдерди байкоо мүмкүнчүлүгүнө,

-Өнүккөн технология согуштук системаларына,

-Булардын бардыгынын интеграциясын камсыздаган Улуттук командирлик башкаруу жана атууну башкаруу системасына ээ.

Коргонуу өнөр жайы кеңешчилиги (SSM) жана Деңиз күчтөрү командирлигинин улуттук мүмкүнчүлүктөр эң жогорку чекте колдонулган улуттук кемеси (МИЛГЕМ) долбоору менен Түркияда алгач ирет бүгүнкү күндүн технологиясына ылайыктуу, жогорку стандарттарга ээ, көп кырдуу суу үстүнөн согуш кемесинин дизайны жана интеграциясы жергиликтүү өнөр жайдын колдоосу менен улуттук мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланылып ишке ашырылды. МИЛГЕМ, Стамбулдагы кеме куруучу жайда, мамлекеттик ишканаларда, мамлекеттик жумушчулар, офицер жана кенже лейтенанттардын эмгектенүүсү менен жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр колдонулуп жасалып чыкты. Түркия улуттук кеме өндүрүүдө ушунчалык мыкты ийгиликке жетишкендиктен эми жасап чыгарган улуттук техникаларын башка өлкөлөргө сата баштады.

Пакистандын деңиз күчтөрүнүн муктаждыгы болгон 4 корветтин тендери 2018-жылы 5-июлда жыйынтыкталды жана тендерди Түркия  алды. Бул тендер Түрк коргонуу өнөр жайында ушул убакка дейре бир жолкуда 5 миллиард доллардык наркы менен эң жогорку сандуу экспорт катары тарыхка катталды. Тендерге ачкыч тапшыруу жана жергиликтүү технология колдонула турган төрт согуштук кеменин курулушу болот. Корветтердин экөөсү Улуттук коргоо министрлигинин алкагындагы Стамбулдагы кеме куруучу жай командирлигинде, берки экөөсү болсо Пакистандагы Карачи шаарында курулат.

Түркиянын өз муктаждыктары болгон улуттук кемелерди жасап жатканда бир жагынан жасап чыгарган улуттук кемелерди башка өлкөлөргө сата баштады. Буга бир гана экономикалык салымдары эмес, өлкөбүзгө көп багыттуу салымдары болот.

Түрк согуш-иш профсоюзунун билим берүү директору Таркан Зенгиндин бул тема тууралуу баамдоосун окудуңуздар...

 



Тектеш кабарлар