Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-12

Түркмөн адабиятынан Берди Кербабаевдин “Чечкиндүү кадам” романы.

1012990
Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар-12

Урматтуу  китеп күйөрмандары, биздин бүгүнкү “Түрк дүйнөсүнөн тандалмалар” аттуу чыгарылышыбызда сиздер үчүн түркмөн адабиятынан Берди Кербабаевдин “Чечкиндүү кадам” аттуу чыгармасын тандап алдык жана ушул роман боюнча кеп салмакчыбыз.

Кадырлуу окурмандар, алгач жазуучу туурасында маалымдай кетели. Берди Кербабаев - совет доорундагы түркмөн адабиятынын баштоочуларынан десек жаңылышпайбыз. Ал поэзия жана проза жанрында бир топ эмгек жараткан чебер жазуучу. Атасы анын окууга болгон шыгын баамдап, кичине кезинен колдоо көрсөтүп айыл медресесине берген. 1927-жылы Ленинградда чыгыш илимдер институтунун түркология бөлүмүндө билим алган. Ал эмгек жолуна ыр менен баштаган. Поэзия жаатындагы чыгармаларында көбүнесе ошол учурдун көйгөйүн козгогон темаларда жазган. 1930-жылдарда Совет доорунун режими менен башка жазуучулар сыяктуу эле ал да суракка тартылып эки жылын түрмөдө өткөргөн. Берди Кербабаев котормо жаатында да ийгиликтүү эмгектенген. Орустардын алдыңкы жазуучуларынын чыгармаларын түрмөн тилине которгон. Жазуучу жалгыз гана түркмөн адабиятынын өкүлү болбостон ал совет доорунун белгилүү адабиятычысы катары таанылган. Ал жөнүндө белгилүү өзбек акыны Гапур Гулам “Маркум Садреттин Айниден кийинки орто азия адабиятынын эң улуу баатыры” деп айткан. Анын чыгармалары бир топ алдыңкы сыйлыкка ээ болгон. Ал роман, пьеса, аңгеме, балдар үчүн жомоктор, ыр жана котормо сыяктуу ар кыл жанрда эмгектерин жараткан.

                        Биз кеп кыла турган “Чечкиндүү кадам” аттуу романы “Советтер Союзунун Медалы” жана “Сталин” сыйлыгына татыктуу болгон. Бул романы Советтик кысым менен кээ бир жерлери оңдотулуп эки жолу кайрадан басылып чыккан. Бул чыгарма анлис, индус, венгер тилдерине жана толуктап айтканда 16 тилге которулуп жарыяланган. Жазуучу ушул эмгектеринин үзүрү катары Түркменистандын чоң наамы болгон “Махтумкулу Мамлекеттик Сыйлыгына” ээ болгон.

 Түркмөн адабиятынын алгачкы романы болуп эсептелген “Чечкиндүү кадам” чыгармасы адабий баалуулугун жоготпой азыр дагы активдүү түрдө окурмандары тарабынан окулуп келет. Бул чыгармада түркмөн элинин тарыхындагы кыйын кезең болгон октябрь революциясынын учуру чагылдырылган. 1-дүйнөлүк согуш жылдарында түркмөн айылдарындагы турмуштун кыйынчылыгы элдик көтөрүлүшкө себепчи болгон. 1916-жылы Түркменистандын Тежен деген жеринде дыйкандардын көтөрүлүшү башталган. Мына ушул көтөрүлүш орус падышасынын аскерлери тарабынан кандуу түрдө токтотулган. Чыгарма ошол көтөрүлүштүн окуялары менен башталып кийин 1918-1920-жылдардагы граждандык согуш менен уланат. Романдын башкы каарманы түркмөн айылынан чыккан карапайым Артык Бабалы аттуу жигит болот. Артык ошол кыйын кезеңдин баарын башынан өткөргөн каарман болот. Эрте жетим калган Артык ошол учурдун кыйын жашоосун эрте сезет. Ал жаштайынан бышып, мойнундагы оор жүктү аркалай алат. Жаш болгонуна карабастан жашоодогу адилетсиздиктерге каршы туруп, айылын мүшкүлгө салган башчылар менен күрөшөт. Байлар кедейлерди эзип турган заманда өз укугун тебелетпей айылын коргоого алат. Мына ушундай учурда бир байдын уулу сүйгөн кызын дагы колунан талашат. Бул нерсе, окурмандарга ошол учурдагы коомдук теңсиздиктен кабар берет. Романдын дагы бир башкы каарманы Артыктын бала кезинен досу болгон Ашыр аттуу жигит болот. Экөө тең адамкерчилик, чынчыл сапатын бийик туткан каармандардан. Алгач экоо эки башка топто күрөшүшөт. Артык большевиктерге каршы күрөшкөн “актарга” кошулган болсо, Ашыр большевиктердин же “кызылдардын” тарабын туткан. Бир тууганды, досторду душман кылган бул граждандык согуш учурунда Артык менен Ашыр дагы бетме-бет келишип бири-бирине мылтык кезешкенге чейин барат. Бирок достук жеңип Артык жараланган досу Ашырды сүйөп душмандарынын чегине чейин жеткирип берет. Ошол учурдун окуяларын таамай чагылдырган бул романда жалгыз гана согуш менен чектелбеген. Анда түркмөн элинин 20-жылдардагы жашоосу, үрп-адаты, каада-салты, калаада жашаган түркмөндөрдүн жаңы жашоо-шарттары, революция учурундагы түркмөндөрдүн саясий жана социалдык абалдары кеңири чагылдырылган. Муну менен бирге жер талашуу, бай-кедей күрөшү, басмачылардын кыймылы, дин маселеси, аял-эркектин тең укуктуулугу, айтор, жашоо үчүн күрөшүү сыяктуу тематикалар да жазылган. Башкача айтканда түркмөн элинин 20-жылдардагы тарыхын кеңири чагылдырган десек жаңылышпайбыз.

             Үч томдон турган бул чыгарманы жазыш үчүн автор 20 жыл эмгектенген. Эмгегинин ачуу тузун дагы татып суракка алынып түрмөгө да отуруп чыккан. Бул реалдуу чыгармасын жазууда ар кыл архивдерди казып окуп тарыхты түз чагылдырганга аракеттенген. Романдын аягында граждандык согуш аяктап большевиктер актарды жеңет. Ашыр менен Артыктай эки дос мындай согушка моюн бербей достуктун баалуулугун баркташып окурмандарына үлгү болот.

Урматтуу китеп күйөрмандары, тарыхта болуп өткөн граждандык согуш эски совет биримдигиндеги элдерге жакшы маалым. Ал жөнүндө көптөгөн адабий эмгектер жазылган. Мына ушундай көлөмдүү эмгектердин бирөөсү ушул “Чечкиндүү кадам” романы болуп эсептелет. Бул темадагы орток тарыхыбыз түркмөн элинде кандай өткөнүнө кызыктар болсоңуз анда “Чечкиндүү кадам” романын окуп чыгууңуздарды сунуштайбыз.

Программаны даярдаган Назгүл Кадырова.



Тектеш кабарлар