Жоголгон цивилизациянын изиндеги саякатчы: Фуат Сезгин

Глобалдык перспектива-27

Жоголгон цивилизациянын изиндеги саякатчы: Фуат Сезгин

Глобалдык перспектива-27

Жоголгон цивилизациянын изиндеги саякатчы: Фуат Сезгин

Турмушун мусулмандардын заманбап илимдерге салым кошуусуна арнаган илимпоз, 94 жашка чыккан проф.д-р Фуат Сезгинден ушул аптада ажырадык. 94 жылдык өмүргө сыйдырган ийгиликтери жана калтырган мурасы ушунчалык көп болгондуктан, дээрлик бир канча адамдын өмүрүндө ишке ашыра тургандан дагы көп. Фуат Сезгин, эч турбастан иштеген саат сыяктуу өмүр бою иштеди жана саат алгач токтогондо көз жумган сыяктуу болду.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Битлистен Дүйнөгө жол тартуу...

Фуат Сезгин 1924-жылы Битлисте жарык дүйнөгө келди. Баштапкы диний билим жана алгачкы араб тили билимин райондун муфтийлигин кылган атасынан алды. Академиялык жашоосун 1943-жылдан кийин Стамбул университинин адабият факультети, Чыгыш таануу институтунда улантат. Бул жерде немис чыгыш таануучусу Гельмут Риттер менен таанышат.

Адамдын турмушунда бир каалга жабылса экинчи каалга ачылат

Фуат агай академиялык иштерин улантып жатканда, 1960-жылдагы төңкөрүштөн кийин калган бир топ илимпоз менен бирге университеттен чыгартылат. Жалгыз айыбы, бир тууганынын Демократ партиянын облустук жетекчиси болгону эле. Агай 36 жашында, жаш академик болуп турганда Түркияда жумушсуз жана чарасыз болуп калат. Бирок ар дайым болгону сыяктуу чынчыл, күжүрмөн жана өндүргөн адамдарга өлкөлөрүндөгү бардык каалгалар жабылса дагы дүйнөнүн башка жерлеринде сөзсүз башка каалгалар ачылат. Фуат агай көп жылдардан кийин кездешкен, өзүн университеттен чыгартып салган офицерлерге ырахматын айтып: «Кылгандарыңарды жана саясатыңарды жактырбаймын. Бирок сиздерге ырахмат айтамын. Анткени мени университеттен чыгарып салбасаңыз Германиядагы илимий эмгектеримди кыла алмак эмесмин»,-дейт.

Өзүнө бардык каалгалар жабылган соң Америка жана Германиядан чакыруу алат. Түркияга оңой түрдө келип кете турганы ойлору менен Германияны тандайт. Бул жердеги эмгектери менен Ислам илиминин тарыхы, илим тарыхы жаатында балким дүйнөнүн эң саналуу илимпозу катары көрүнөт.

Мусулмандар тарыхта жок беле?

Фуат агайдын өмүр баянын карап көрсөк, илим тармагында бүткүл дүйнөнү багындыра турган ыктыярдуу сыяктанат. Тигил китепканадан бул китепканага, андан берки китепканага эч талыкпастан чуркайт. Башка эч нерсеге убакыт бөлбөстөн ондогон жылдар бою бир гана илимий эмгектер менен жуурулушат. Өзү айтканындай түшкү тамагы көбүнчө бир үзүм нандын арасына салынган сыр же варенье эле.

Фуат агайды адам көтөргүс аракет менен эмгектенүүгө түрткөн нерсе эмне эле? Илимге көрсөткөн урмат-сый сыяктуу, бүгүнкү күндө айрым чөйрөлөрдө дагы деле жарактуу болгон, жашаган мезгилиндеги «илимди» кабыл алуусу; мусулмандардын заманбап илимдерге салымы болбогону, учурдагы илимдин жана технологиянын байыркы грек жана андан кийин Европадагы абалга таянганынын ишеничи. Бул бурмаланган ишеничке өзү айткандай балдар башталгыч мектепке кадам таштагандан тартып эле кездешет. «Башталгыч мектепке киргенден эки-үч жума өтпөй бизге жер шарынын тоголок экенин түшүндүргөн эжейибиз мусулман аалымдардын жер шарынын бир өгүздүн мүйүзүндө ташылганына ишенгенин үйрөтчү. Мен байкуш бала 30 жылдан кийин мусулмандардын экватордун узундугунун 9-кылымда эле бир канча метод менен 40 миң чакырымдай экенин өлчөй алганын окуй турганымды кайдан билейин?»

Фуат агай өмүрүн арнаган эмгектенүүлөрү менен табият илимдерине жана көп сандаган технологиялык өнүгүүлөргө мусулман аалымдардын салымдарын абдан так түрдө ортого салат. Мусулман аалымдардын атайын салымдары менен катар байыркы гректердеги илим жана философиянын да ошол эле мусулман аалымдар аркылуу заманбап доорго өткөрүлгөнүн далилдейт.

Булардын баарына карабастан жашоо тарыхта калбайт. Фуат агайдын бүгүнкү күндө Ислам илимдеринин тарыхы жаатында жасалган эмгектер жагынан алганда көп сандаган батыштык өлкөнүн, Ислам өлкөлөрүнөн дагы илгериде экенин билүү абдан капага салат.

Адамкерчилиги, мамилеси жана салымдары

Фуат Сезгин, Риттердин көз караштарынан жана иштөө тартибинен абдан таасир алат. Алгачкы кездешкенде эле Риттер санаган чоң Ислам аалымдарынан айрымдарын мындан мурда уккан эмес. Өзү менен иштеше баштаганда Риттер күнүгө канча саат иштегенин сурайт. Фуат агайдын «13-14 саат иштеймин» деген жообуна Риттер: «Бул эмгектенүү менен аалым боло албайсын»,-дейт. Фуат агай андан кийин абдан улгайганга дейре күнүгө иштөө убактысын 17-18 сааттан азайтпайт. Ошондуктан агайдын адамкерчилиги тууралуу алгачкы айтыла турган нерсе, чаалыгууну жана тыныгууну билбеген күжүрмөндүгү болду.

Фуат агайда көзгө урунган дагы бир аспект, акыркы жылдарда жасалгандын тескерисинче, илимдерге жана ислам цивилизациясына Батышка же башкаларына каршы туруу мамилесин көрсөтпөгөнү болчу. Фуат агай мусулман илимпоздору дагы таасирдүү болгон доорлордо ээ болгон ишенимге ээ эле. Ушул себептен кайсы тил, дин жана тектен болсо болсун адамдар менен иштеп жатканда илимий маалыматтын ортого салынышында, баа берилишинде, бир акыйкаттыкты тапшырууда абдан ишеничтүү мамиле кылат.

Шексиз агайдын мусулман аалымдарынын илим жана технологияга кошкон салымдары тууралуу томдорго батпаган эмгектери абдан баалуу. Муну менен катар агай бир гана илимпоз эмес эле. Ошол эле убакта ал тармактын академиялык түзүлүшү үчүн фонд жана институт (Франкфуртта Араб-Ислам илимдери тарыхы институту) курган адам. Бардык материалдык кирешесин дагы ушул тармакка жумшаган. Бул да жетпегенсип, мусулмандардын илим жана технологияга салымдарынын дагы даана көрсөтүлүшү үчүн Франкфуртта жана Стамбулда Ислам илими жана технологияларынын тарыхы боюнча музейлерин ачкан.

Эки Германия

Фуат агайдын өмүрүнддө Германиянын орду толгус жери бар. Эң оболу 1960-жылдагы төңкөрүш менен каалгалар жабылганда өзүнө мүмкүнчүлүк берген Германияга илим тарыхы абдан көп нерсе карыз. Фуат агай дагы ансыз деле бул ыраазычылыкты көп жолу билдирген. Германия ал жылдарда ишенич менен мамиле кылган, кандайдыр бир комплекске кабылбастан иштерин колдогон. Ушул себептен ал убактагы Германия макталса болот. Ал эми Германиянын бүгүн келип жеткен жери мурдагы мамилесинен абдан алыс. Толугу менен өз мүмкүнчүлүгү менен түзгөн китепканасын Түркияга жеткирүү чечимин чыгаргандан кийин ал туурасында «китептерди өз менчигине алгандыгы» жалаасы менен иш козголду.Өмүрүнүн акыры жакындаганда китепкананын каалгасына кулпу салынып Фуат агайдын китепканага кирүүсүнө тыюу салынды. Булардын бардыгына карабастан Фуат агай теманын саясатташып кетпеши үчүн аракет кылып, коомдук пикирге жар салган жок. Бул окуяга бир гана Германиянын өтмүштө жана учурда Фуат агайга карата кылган мамилесин карасак, Германиядагы ушул терс өзгөрүү, барган сайын ичине жабылган өлкө болгону көрүлсө болот.

Жакынкы убактарга дейре түрк жана ислам дүйнөсү жетиштүү түрдө тааныган эмес Фуат агайды. Анткени бул Дүйнө өзгөчөлүктөрдөн тышкары бир канча кылымдан бери эмнеден ажыраганын жетиштүү түрдө билбей жатат. Фуат агайдын эмнени тапканын да билген эмес. Фуат Сезгин кылгандары, жазгандары менен бүткүл дүйнөнүн илимпоздору үчүн абдан чоң факелди күйгүзгөн бойдон арабыздан ажырады. Жаткан жери жайлуу, мекени бейиш болсун!

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар