Түркиянын 32-парламенттик, алгачкы президенттик шайлоосу

Глобалдык перспектива-17

Түркиянын 32-парламенттик, алгачкы президенттик шайлоосу

Түркиянын 32-парламенттик, алгачкы президенттик шайлоосу

Түркия, 2018-жылдын 24-июнунда абдан аз өлкөдө көрүнгөндөй түрдө тарыхынын 32-парламенттик жана алгачкы президенттик шайлоосуна баратат.

Түркия алгачкы парламенттик шайлоосун Осмон мамлекети убагында 1876-жылы ишке ашырды. Бул шайлоолорду 1878,1908,1912,1914 жана 1919-жылдардагы шайлоолор ээрчиди. Бул мезгилде 6-жолу шайлоо өткөрүлдү.

Республика мезгилинде болсо жалгыз партия системасы менен кошо 25 жолу парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Жалгыз партия мезгилинде 1923, 1927, 1931, 1935, 1939, 1941-жылдарда болуп бардыгы 6 шайлоо ишке ашты. Көп партиялуу саясий система башталган 1946-жылдан бери бардыгы 19 жолу шайлоо өткөрүлдү. 2018-жылы 24-июнда 20-ирет шайлоо өткөрүлөт.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Түркияда алгачкы шайлоолор өткөрүлгөн 1876-жылдан акыркы парламенттик шайлоолор өткөрүлө турган 2018-жылдын 24-июнуна чейин, 142 жылда 32 жолу парламенттик шайлоо өткөрүлгөн болот. Бир тараптан төңкөрүштөрдүн себебинен шайлоолор өткөрүлө албаган арада калган мезгилдер да бар.

Башкача шайлоо мезгилдери

Шексиз ар бир шайлоонун же шайлоо мезгилдеринин өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Осмон империясы убагында болгон шайлоолор, падышачылык сыяктуу салттык, халифаттык жана шейхүлисламдык сыяктуу диний институттар болгон убактарда өткөнү үчүн Түркияда Ислам жана демократиянын шайкеш болуп болбогонунун талаштары көп болгон.

1923-1943-жылдар аралыгындагы шайлоолор жалгыз партиялуу шайлоолор болуп саналат.  Бул мезгилде оппозициядагы партияларга уруксат берилбесе дагы, шайлоолордун улантылышы Осмон мезгилинде башталган шайлоо салтынын унутулбоосу, Батыш фашизмге жана нацизмге оогон ушул мезгилде, формалдуу болсо дагы шайлоолордун улантылып жатканы жагынан маанилүү.

Түркия 1946-жылы көп партиялуу саясий системага кайрадан өттү. 1876-1943-жылдардын аралыгында шайлоолор эки баскычтуу, 1946-жылдан бери болуп келген шайлоолор болсо бир баскычтуу шайлоолор болуп саналат. Эки баскычтуу система, учурда АКШдагы системага окшош система. Бул системада шайлоочулар экинчи шайлоочуларды, экинчи шайлоочулар да эл өкүлдөрүн шайлашат. Эки баскычтуу система, негизинен жалпы добушка ишенбөөчүлүктүн белгиси болуп саналат.

2018-жылы 24-июнда болсо Түркия, парламенттик шайлоо менен бирге тарыхында алгач ирет Президенттик шайлоосун ишке ашырат. 1876-жылдан бери өкмөт шайлоо менен келген Парламенттин ичинен чыгып жатканда алгач ирет эл өкүлдөрү менен өкмөттү кура турган Мамлекет башчы өз-өзүнчө шайланат. Түркияда Президенттик өкмөт системасынын эмне үчүн керектүү болгонун түшүнүш үчүн 2017-жылдан мурда жазган «Таасирдүү, ырааттуу жана күчтүү Түркия үчүн Президенттик система» аттуу китебим окулса болот.

Шайлоолордун мазмуну

Демократия, күчүн негизинен камтыган ыкмадан эмес, камсыздаган мыйзамдуулуктан алат. Өткөн мезгилдерде саясий системалар үчүн мыйзамдуулуктун ар башка ыкмалары бар эле. Келечекте да башка ыкмалар болушу мүмкүн. Ал эми учурубуздун дүйнөсүндө демократия саясий системаларга коомдук мыйзамдуулукту алып берген балким эбегейсиз ыкма болуп саналат. Ушул себептен шайлоолор аркылуу саясий системанын башкаргандар тарабынан мыйзамдуу көрүлүшү/бекитилиши, мамлекет-улут аралашуусу/колдошуусу жагынан абдан түшүнүктүү болот. Шайлоолор аркылуу улутунан күч алган саясий системалар ичкериде дагы эл аралык аренада дагы күчтүү болушат. Коомдук мыйзамдуулуктары болбогон саясий системалар үчүн болсо мунун тескерисинче абал болот. Ушундай түрдөгү режимдердин ичкериде дагы көп кысым, адам укуктары жана эркиндик бузуулары менен башкаруусун улантса, өз коомчулуктарынан күч албагандары үчүн тышкарыга каршы дагы күчсүз болот. Ушул себептен өз коомчулуктарына каршы дагы көп глобалдык актерлорго таянууга аргасыз болушат.

Демократия-өнүккөндүк карым-катнашын алып карасак, саясий системалардын ичинде орун алган коомчулуктар тарабынан мыйзамдуу көрүнүп көрүнбөөсүнүн канчалык маанилүү экени дагы оңой көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн эң өнүккөн, ачык өлкөлөрү демократиялык өлкөлөр. Бул жагынан алып каралганда бир өлкөдө тынчтыктын, ынтымактын жана ырааттуулуктун булагы, экономикалык өнүккөндүк деңгээли эмес, демократия, плюрализм, эркиндик сыяктуу баалуулуктарга ээ болуп болбогону. Анткени экономикалык өнүгүү бир гана бул баалуулуктар менен мүмкүн боло алат. Тынчтык жана ынтымак болбогон жерде өнүгүү да болбойт.

Демократия, эркиндик, плюрализм-экономикалык өнүгүү карым-катнашына бериле турган эң так мисалдардан бири Түркиянын 2000-жылдардан кийин ишке ашырган саясаты болуп саналат. 28-февраль төңкөрүшү жана андан кийин ишке ашырылган анти-демократиялык жана кысым кылуучу саясаттар менен Түркияда киши башына түшкөн киреше 2000 долларга чейин түшүп кеткен. 2000-жылдардан кийин дагы эркиндикчил, демократиялык жана плюралист саясаттарды ишке ашырышы менен Түркияда киши башына түшкөн киреше 10000 доллардан ашты.

Түркиянын алгачкы шайлоосун 1876-жылы өткөргөнү эске алынганда, Түркиянын демократия тарыхы көп сандаган өлкөнүн тарыхынан да мурдагысына жетет. Бул 142 жылдык мезгилде ар башка режимдерге ээ болсо да Түркия негизинен демократия аракетин улантты. Артка кайтып карасак, антидемократиялык ишке ашыруулар жагынан немец нацизмине же итальян фашизмине жакындай турган диктаторлукка түшкөн жок. 2000-жылдардан кийин болсо демократия жана эркиндиктер өлчөмүн жогорулатып камкорчулук изденүүлөрүн артка калтырды. Германия, Австрия жана Голландиянын учурда дагы өлкөлөрүндө түркиялык шайлоочулардын добуш бериш үчүн пикир айтуу жана жыйналыш эркиндигине, саясий укуктарга уруксат берилбегени эске алынганда Түркия жетишкен аралык, басып өткөн жол  жана демократия тажрыйбасы көп сандаган өлкө үчүн жол көрсөтүүчү мүнөздө. Кызыккандар 142 жылдык тажрыйбасы, шайлоолордун сот текшерүүсүндө өткөрүлүшү, саясий партиялардын активдүү катышуусу жана каалаган ар кимдин байкоосуна ачык болушунун себебинен балким дүйнөнүн эң ишенимдүү шайлоолору өткөрүлгөн Түркия шайлоолорун жакын байкай алышат.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар