ФЕТӨ/ПДЙ-ПКК/КЖК террор уюмдарынын ортосундагы кызматтыштык

Кызматташтыкка байланыштуу далилдер.

913944
ФЕТӨ/ПДЙ-ПКК/КЖК террор уюмдарынын ортосундагы кызматтыштык

ФЕТӨ/ПДЙ-ПКК/КЖК террор уюмдарынын ортосундагы кызматтыштык

КИРИШ СӨЗ

   ПКК/КЖК жана ФЕТӨ/ПДЙ террор уюмдарынын негизги максаттары орток болбосо да бири-бирлерине дал келген максаттарынын бар экени белгилүү. Өзгөчө ФЕТӨ/ПДЙнын 2013-жылдын 17-25-декабрь күндөрүндөгү төңкөрүш аракеттери менен ПКК/КЖКнын Чечүүчү жол табуу процесси үзгүлтүккө учуратылган 2015-жылдын 22-июлунан тарта «шайлоо менен келген Түркия Республикасынын Өкмөтүн мыйзамсыз жолдор менен кулатууга аракет кылган аракеттери» боюнча бирдей максатка карай кыймылдарды аткаргандары көрүнүүдө.

Муну менен бирге төмөндө белгиленгендей керек болсо 2016-жылдын 15-июлундагы төңкөрүш аракетинен мурда, керек болсо бул аракеттерден дароо кийин ортого чыккан ар кандай маалымат жана билдирүүлөр, аты аталган уюмдардын максат жагынан окшоштуктуктары менен катар көздөгөн пландарын аткаруу үчүн өз ортолорунда жашыруун кызматташтык түзгөндөрүнө байланыштуу ойлорду күчтөндүрдү.

А) 15-июль төңкөрүш аракетине чейинки кызматташтыкка байланыштуу далилдер

ФЕТӨ/ПДЙ менен ПКК/КЖКнын ортосундагы биринчи сүйлөшүү 2009-жылы Эрбилде өткөрүлгөн Абант платформасы аркылуу болду. Сүйлөшүүгө ПКК/КЖКнын атынан Сабри Ок, Мустафа Карасу, Тынчтык жана демократия партиясынын атынан Ахмет Түрк, Айсел Туглук, Алтан Тан, Тынчтык жана демократия партиясынын Түндүк Ирактагы өкүлү Жемал Жошкун, жамааттын атынан да Талип Бүйүк, Жемал Булут жана Иракта кызмат кылган BİR гезити катышат. 1,5 айдан кийин кайрадан байланыш курулат. Үчүнчү сүйлөшүү болсо Европанын террор борбор шаары Брюсселде өткөрүлөт.

А. Өжалан тарабынан жазылган «Имралы маалыматтары» аттуу китепте Элдик демократиялык партиясынын жетекчиси Селахаттин Демирташ, партиянын Анкара эл өкүлү Сырры Сүреййа Өндер жана А.Өжаландын ортосундагы сүйлөшүүдө;

«С.Демирташ: Мурунку сүйлөшүүдө айткандарыбыз туура эмес түшүнүлдү; Жамаатка душмандык жана каршылык сыяктуу сереп салынды. Келээр алдында Сырры Сүреййа айрым өкүлдөрү менен жолукту. Алар да муну толук түшүнбөгөндөрүн, тынчы келткендерин айтышкан.

С.С. Өндер: Ооба, Экрем Думанлы менен сүйлөштүм. Мунун себебин түшүнбөгөндөрүн, Бахоз Эрдалдын Жамаатка карай катуу сөздөрүнүн да кошулушу менен бирге тынчы кеткендерин, АК Партия менен макулдашып аларга багыт алуу сыяктуу ниеттеринин болгонун ойлогондорун билдирди.

А. Өжалан: Бахоз Эрдал маалымат бериптирби? Этият болуу керек. Негизи бул учурда ар ким бири-бирине карай айта турган сөз жана ыкмасында кылдат болушу керек. Жамаатка байланыштуу болсо ошол айткандары сыяктуу эмес. Биз аларга Жакынкы Чыгышта демократиялык шериктештик сунуштадык, ошондой эмеспи? Андай душмандыгыбыз болбойт. Айткыла. Гүленди эң жашы түшүнө турган да менмин. Ал эмес ал «Тынчтыкта пайда бар» деген болчу. Мен да буга кошулам. Ал да тынчтыкты колдойт. Жакынкы Чыгышта демократиялык макулдашууну камсыздай алабыз» деген сөздөрү орун алган.

 

Шанлыурфа губернаторлугунун 06.04.2016-жылдагы жарыясында;

*Чалгындоо иштеринин негизинде Бахоз (К) М.Е. аттуу ПКК/КЖК террор уюмунун мүчөсүнүн, штаттагы кызматкер катары сыпатталган жогорку деңгээлдеги ÖSB машыгуусунан өткөн согушкердин Харран университетинин социология бөлүмүнүн 2-курс студенти жана HÖDER мүчөсү Н.Ш аттуу киши аркылуу Мардин облусунун Кызылтепе районунда уюмдун жооптуу согушкерлерине компас/план жөнөтө турганы жөнүндөгү маалымат алынганы боюнча Н.Ш аттуу киши 02.02.2016-жылы Мардин жолунда токтотулган автобуста кармалды,

*Ал киши оозуна салып жуткан аткан план колго алынды, андан соң Бахоз М.Е тууралуу жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө бул кишинин;

     **ПКК/КЖК террордук уюмдун ичинде жооптуу кызматкер деңгээлинде экени, уюмдун атынан аткарыла турчу кол салууларды, кол салуу буйруктарын жана ишке ашкан кол салуулардын отчетторун чабарман аркылуу жеткирип, жан кечтилик бомба кол салуусун аткара алгандай жөндөмдүүлүктө экениндиги аныкталганы,

     **ПКК/КЖК террордук уюмдун ичинде чабарман катары иштеген Н.Ш аттуу кишинин жашаган үйүнүн ФЕТӨ/ПДЙ террордук уюмга таандык НУР үйү деп аталган үйлөрдөн экендиги белгилүү болуп, үйдөгү тинтүүлөрдө ПКК/КЖК террордук уюмга таандык документтер жана ПКК/КЖК террордук уюмга таандык 5 даана китептер менен бирге Фетуллах Гүленге таандык 77 даана китептин табылганы,

       **Н.Ш менен бирге ушул эле үйдө Н.С-Ш.Т-С.Д.-М.С.А. жана У.Ж. аттуу кишилердин жашагандары аныкталып, аты аталган кишилердин камакка алынгандары, Н.Ш. өзүнүн орто эсеп менен 5-6 ай мурда М.Й. аттуу киши аркылуу Уфук деген ат же каймана аттуу ФЕТӨ/ПДЙ террордук уюмга мүчө киши тарабынан бул үйгө жайгаштырылганын айтканы, үйдө жашаган берки кишилердин да Н.Шны үйгө ким алып келип жайгаштырганын билбегендерин, кээ кээде жашаган үйдө аларга АБИ делген кишилер тарабынан тааныбаган кишилердин алып келингенин, келген бул кишилердин үйлөрүндө бир канча күн жашагандан кийин кеткендери, Н.Ш. аттуу кишинин да ушундай түрдө келип калганын жана аны мурда көрбөгөндөрүн билдиришти,

     **ПКК/КЖК террордук уюмдун чабарманы болгон Н.Ш. аттуу кишинин ФЕТӨ/ПДЙ террордук уюмдун бирден көп НУР үйү жооптуусу тарабынан бул үйгө жайгаштырылган болушу жана үйдө жашагандардын бул кишини тааныбагандары жана бул кишини үйгө киргизгендери боюнча; аты аталган кишилер Бахоз каймана аттуу M.E. - H.Ş. - BEKİR каймана аттуу H.S. - N.S. - S.K. - Ş.T. - S.D. - M.S.A. - U.C. ve D.M. аттуу кишилердин камакка алынгандары сөз кылынган.

Журналист Сабахаттин Өнкибардын 15-июль төңкөрүш аракетинен бир ай мурда 2016-жылдын 8-июнунда «Айдынлык» гезити жарыялаган «ФЕТӨчү полиция- ПКК кызматташтыгы» аттуу макаласында;

      ФЕТӨчү полициялардын ПККлыктарга жалгыз гана колдоо көрсөтпөгөндөрү ошол эле учурда чалгындоо маалыматтарын жашырып, кыргындардын алдын алынышына бөгөт болгондору, удаама-удаа болгон Стамбул жана Анкарадагы кол салуулардын алдын албоолордун башка түшүндүрүүсүнүн болбой турганы,

    АК Партия бийлигинин ФЕТӨ менен күрөшүү ыкмасынын туура эмес экени, ФЕТӨгө мүчө полиция жана судьяларга каршы кызматтан бошотуу жолу менен күрөшүлө албай турганы, анткени алардын эми манкурт б.а Фетуллахтын кулдары экени, алардын дароо кызматтарынан кетирилишинин өлкө үчүн коопсуздук маселеси болгону,

      АКШ баш болуп бардык Батыш өлкөлөрүнүн Таййип Эрдогандын калемин сындыргандары, муну аткара албай коюп демократиялык альтернатива жоюлганда төңкөрүштүн күн тартипке коюлганы, мунун мүмкүн экени, шарттар толук болгондо Египетте болгондордун бизде да болоору, ФЕТӨгө мүчө аскерлерге этият болушу керектиги жөнүндө сөздөрдү колдонгон.

      ПКК/КЖКнын аткаруу кеңешинин мүчөсү Дуран Калкан тарабынан, 2016-жылдын 27-майында уюмдун карамагындагы MED NUÇE TVге берилген маалыматта; «Таййип Эрдогандын 2016-жылдын май айында бийликтен кулатыла турганына байланыштуу маалымат уккандары, ушундай күтүүнүн болгону, бирок муну кимдин кандай же кантип аткара турганын билбегендери» түрүндө сөздөр колдонулган болчу.

       ПКК/КЖКнын аткаруу кеңешинин теңтөрагасы Жемил Байык 2014-жылдын 3-февралындагы билдирүүсүндө; «Өздөрүнүн жамаат менен байланыш кургусу келгендерин бирок алардын каалабагандары, өздөрүнүн жамаат менен байланыш куруп аларды ошол чийинден алыстатууну максаттагандарын, бирок жамааттын күрт душманы улутчул чийинде калууну тандаганы, ушул себептен өздөрү менен жамааттын ортосунда кандайдыр бир байланыштын болбогону» жөнүндөгү сөздөрдү айткан.

      ПКК/КЖКнын Аткаруу кеңешинин теңтөрагасы Жемил Быйык 2015-жылдын 16-мартындагы билдирүүсүндө; «Жамааттын бир канча ай мурда ПКК менен байланыш куруу үчүн Кандилге келип сөз сүйлөгүсү келгени, жамааттын жооптуу жетекчилеринин аларга «Келе турган болсок бул журналистиканы ашкан абалга себепчи болот» деп белгилегендери, бирок өздөрүнүн муну кабыл албагандары, Жамааттын күрт маселеси жана чечилүүсүнө, ПККга карай көз караш, мамиле жана сөздөрүн өзгөрткөнүнө көндүрүлгөндө анда өздөрү менен жолугушуп жана маектеше турандарын белгилегендери, алгач Фетуллах Гүлендин баяндоосун каалагандарын билдиргендери» жөнүндөгү сөздөрдү айткан.

Шанлыурфа/Жейланпынарда 2015-жылдын июлунда шейит болгон эки полициянын жаназа расмисинде сөз сүйлөгөн Шанлыурфанын коопсуздук директору Эйүп Пынарбашы ФЕТӨнүн коопсуздук канатын күнөөлөп: «Бул уюмдун мекемебиздин ичине чейин кирген мүчөлөрүн колдонуп чалгындоо иштерине бөгөт болууга аракет кылынган», деп билдирген болчу.

      ПКК/КЖК террордук уюмдун жетекчилеринен Зана Азади тарабынан 2016-жылдын 26-апрелинде Твиттер баракчасынан жарыялаган билдирүүдө; «Ф.Гүленди жактырбаганымды ар ким билет. Бирок АК Партия-ДЕАШ фашизминин кыйратылышы үчүн төңкөрүшчүл элдердин Гүлен менен кызматташуусу эң туура чечим»,- деген болчу.

Мушта ПККга мүчө террористтер тарабынан аскердик унаага карай 12 аскер жаракат алган кол салуусу менен байланышы бар экени айтылган Өзжан.А Батманда кармалды. Мушка алып барылган террористтин телефонунда ФЕТӨнүн байланыш курууда колдонгон ByLock системасынын бар экени белгиленди.

 

Б) 15-Июль төңкөрүш аракетинен кийин кызматташтыкка байланыштуу далилдер

   ПКК/КЖКнын аткаруу кеңешинин теңтөрагасы Жемил Байыктын 2016-жылдын 23-июлдагы билдирүүсүндө; «50-60 миң, балким дагы көп адамдын суракка алына турганы, камакка алына турганы, булардын жакын чөйрөлөрүнүн жана туугандарынын да процесске кошулганы, айрыкча (жалган) демократия күчтөрү менен күрттөрдүн да (жалган) Эрдоган диктаторлугуна каршы күрөшө турганы, бул күчтөрдүн аз эмес экени жана барган сайын уюмдашкан абал ортого чыккан учурда чоң окуялардын болушу мүмкүн экени» жөнүндө айткан.

      ПКК/КЖКнын аткаруу кеңешинин теңтөрагасы Жемил Байыктын 2016-жылдын 23-июлдагы билдирүүсүндө; «Төңкөрүш аракетинин ФЕТӨ тарабынан жасалгандыгы жөнүндөгү айтымдардын толугунун жалган экени, ФЕТӨнүн мындай уюмдашуусунун болбогону, ФЕТӨнүн мүчөлөрүнүн тазаланышына мыйзамдуулук алып келүү максатында булардын айтылганы, төңкөрүш аракетинин токтотулганына карабастан дагы деле коркунуч жараткандыгы жөнүндөгү айтымдардын да булар менен тиешеси жок экени, Өзгөчө кырдаалдын буга таянып жарыяланганы жана аскердик тартиптен дагы жаман абал жаратканы» тууралуу сөздөрү орун алган.

   «Таквим» гезитинин интернет баракчасында 2016-жылдын 1-августунда орун алган кабарда; «Американын CNN телеканалына маек куруп берген канкор Фетуллах Гүлендин өнөктөшү ПККга да кайрылганы, Ф.Гүлендин CNNге маалымат берип жатканда дароо жанында Диярбакырдын Адвокаттар биримдигинин мурунку төрагасы Тахир Элчинин өлүмүнөн кийин террордук уюм ПКК үчүн символго айланган 4 тирөөчтүү мунара картинасынын илинип турганын» айткан.

«Йени шафак» гезитинин интернет барагында 2018-жылдын 12-февралында чыккан кабарында;

«Анкаранын Кызылайында 37 киши каза болгон кандуу кол салууну уюштурган ПККнын мүчөсү качкын Вахит Айчилдин эжеси Вахиде Күткүт, ФЕТӨнүн «үйлөндүрүүчү эжеси» болгону, ByLock  жазышуулары да чечмеленген шектүүнүн жубайы менен бирге уюмдагы кыздар менен эркектердин жолугушууларын камсыздаганы, айыптоо тыянагында Күткүттүн ФЕТӨнүн Гази университетинин курамынын ичинде орун алганы, ByLock  колдонгону да белгиленген Күткүттүн аты аталган программага эң оболу 2014-жылы 11-августта киргенин, онлайн болгон акыркы күндүн болсо 2016-жылдын 17-февралы болгону белгиленген.

ФЕТӨ/ПЙД террор уюмунун лидери Ф.Гүлендин 2018-жылдын 4-февралындагы «Тирилүү, жогорулоо жана коопсуздуктун негиздери» аттуу сөз сүйлөөсүнүн анализинде; Түркияда бийликке каршы топторго шериктештик билдирүүсү жиберилип 2019-жылдагы шайлоолордун алдында бийликке каршы чоң фронт түзүүгө аракет кылганы айтылса болот. Түркияга каршы эл аралык стратегия боюнча ПКК/КЖК-ФЕТӨ/ПДЙ-ДЕАШ-ДНКП/С террор уюмдарынын 15-Июль төңкөрүш аракетине даярдык процессинде ортого салган кызматташтыгы эске алынганда, Ф.Гүлендин аты аталган айтым өзгөртүүсүнүн Түркияга каршы жасала турган жаңы кыймылдын белгиси катары көрүлө турганына сереп салынган.

В)  Сереп салуулар

ФЕТӨ/ПДЙ менен ПКК/КЖК террор уюмдарынын алдыдагы мезгилдерде мыкаачылык биргелешкен максаттарын ишке ашыруу жагынан ортолорундагы жашыруун кызматташтыкты күчтөндүрүүгө карай кадамдарды көбөйтө тургандары божомолдонууда. Ушундан улам Мамлекеттин сөз болгон террор уюмдарынын ортосундагы жашыруун карым-катнаштарды ачыкка чыгарып бул темада алдын алуучу мамилени өнүктүрүшүнүн маанилүү боло турганына сереп салынууда.

ПКК/КЖКнын аткаруу кеңешинин теңтөрагасы Жемил Байыктын 2016-жылдын 23-июнундагы баяндоосу эске алынганда, ФЕТӨгө берилгендиги, жакындыгы жана байланышы болгону ниети менен кызматынан бошотулган/четтетилген кишилер менен алардын үй-бүлөлөрүнүн да террор кыймылдарына кийлигише ала турганынын ойлонулганы көрүнүүдө.

Бөлүүчү террордук уюмдун (BTÖ) жетекчисинин айткандары эске алынганда; ФЕТӨнүн ичинде активдүү террордук иш-чараларды жүргүзгөн штаттын тышында; ПКК/КЖКнын «президент Режеп Таййип Эрдоганга каршы тургандары» негизинде ФЕТӨнүн мүчөлөрү менен дагы жакын уюмдашып фронт түзүүнү максаттаганы, мунун бир жагынан алганда радикалдык солчул террор уюмдарын «камтуу» жүрүшү катары байкасак болот. Элдердин бириккен төңкөрүш кыймылы (HBDH) сыяктуу түзүлүштүн же чалгындоо/тылдык түшүнүктө бири-бирин колдоо түрүндө боло турганына сереп салынууда.

Айрыкча Ж.Байыктын ошол эле күндөгү башка бир маалымдоосун негиз кылып, уюмдун орчундуу массасы боюнча 15-Июль төңкөрүш аракетинде элге багытталган кол салуулардын ФЕТӨ тарабынан жасалбаганынын түшүнүгүн жаратып келечекте ачык шериктештикке айлана турган мамилесин коргоону тандаганы ойлондурат.

Шанлыурфада 2015-жылдын апрель айында коопсуздук күчтөрү ишке ашырган операциялардын натыйжасында ПКК/КЖК террор уюмуна мүчө кишинин ФЕТӨ/ПЙД террор уюмуна таандык бир үйдө жашаганы белгиленгени эске алынганда; ПКК/КЖКнын ФЕТӨ/ПЙДны террордук кыймылга даярданып жатканда жаап жашыруу максатында колдонгону айтылса болот.

ПКК/КЖКнын аткаруу кеңешинин мүчөсү Дуран Калкандын 2016-жылдын 27-майындагы MED NUÇE TVга: «Таййип Эрдогандын 2016-жылдын май айында кулатыла турганы жөнүндө шыбыш уккандарын, ушундай бир күтүү бар экенин, кимдин кандай жана кантип муну ишке ашыра тургандарын билбегендери» жөнүндөгү айтымдарын 2016-жылдын 15-июлунда болгон төңкөрүш аракетинен мурда жасаганы эске алынганда бул айтым көңүлдү бурууда.

Бул ыкма менен BTÖнүн 2015-жылдын август айынан баштап (жалган) өзүн башкаруу жарыялары жана 2015-жылдын декабрь айында террордук кыймылдардын област/район борборлорунда жайылтылуусунун айрыкча 2016-жылдын майынан баштап бир убакта элет жер-шаар кыймыл биримдиги боюнча бир стратегияны кабыл алуусунун өлкө ичи/өлкө тышындагы түзүлүштөр/эл массалары менен кызматташуулардан/байланыштардан алынган маалыматтардын жыйынтыгында кирешелерди табуу максатында ишке ашырылган болушу мүмкүн экени божомолдонууда.

Бирок коопсуздук күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн таасирдүү операциялардын натыйжасында максатына жете албаган террор уюмунун көңүлү чөгүнкү экенине баа берилип, BTÖнүн алдыбыздагы процессте чыга турган кандайдыр бир кемчиликтин жыйынтыгында «төңкөрүшчүл элдик согушу стратегиясынын» аклагында катышуулардын арттырылышы, куралдануу иш-аракеттеринин ылдамдатылышы, стратегиялык маанидеги аймактарда база курушу жана кол салуу даярдыгын кылышы сыяктуу аракеттерин арттыра турганы айтыла алат.

ФЕТӨ/ПДЙ террор уюмунун 15-Июль төңкөрүш аракети менен бирге өлкө күн тартибинде табигый түрдө эскерилген уюмдун үстүндө тыгыздашканы боюнча ПКК/КЖК террор уюмунун өзгөчө Карадеңиз, Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Анадолу аймактарында коопсуздук күчтөрүнө карай зыян тийгизүүнү алдыңкы планга чыгарган куралдуу кол салууларды күчөткөнү көрүнүүдө. BTÖнүн сөз болгон кыймыл стратегиясы менен кайрадан коомдук пикирдин күн тартибинин эң жогорку катарына жогорулап түзгөн коркунуч жана учурдагы талаптарын жандуу кармоону максттаганы ойлонулууда.
 



Тектеш кабарлар