Глобалдык перспектива-7

Батыш Фракия түрктөрү: Ассимиляцияны токтот

Глобалдык перспектива-7

 

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосу.

Батыш Фракия түрктөрү: Ассимиляцияны токтот

Бир ойлонуп көрүңүзчү. Өзүңүздү кандай түрдө аныктасаңыз да (немис, араб, түрк, мусулуман,христиан, атеист...) миң жылдан ашуун убакыттан бери жашаган өлкөңүздө, мамлекет сизге «сиз ал эмессиз» жана «Сиз аныктагандай түрдөгү коомчулук бул өлкөдө жок» дейт.

«Адамдардын өздөрүн кандай аныктагандары мамлекеттерди эмнеге кызыктырсын. Мамлекеттерге бир гана коомчулуктар өздөрүн кандай аныкташса муну кабыл алуу жана муну урматтоо калат. Бул заманда мындай нерсе боло албайт» дегениңизди уккансыймын.

  Сизге «туура айтасыз, ушундай учурга дал келбеген, фашисттик түшүнүк бул замандын түшүнүгү боло албайт. Тарыхта калган бир мисал болушу мүмкүн жөн гана» деп айтууну канчалык каалар элем.

Тилекке каршы андай эмес. Бул абал  ЕБне мүчө өлкө Грецияда дагы деле уланууда. Адамдар грек мамлекетине миң жылдан ашуун бул жерде мусулман жана түрк өздүктөрү менен жашагандарын кабыл алдырыш үчүн көп жылдардан бери күрөш жүргүзүүдө.

Батыш Фракия түрктөрүнүн трагедиясынан сөз кылуудамын.

Батыш Фракия түрктөрү, Осмон мамлекетинен мурда бул жерлерде жашашчу. Осмон мамлекетинин чыгып кетишинен кийин, Батыш Фракиядагы мусулман түрк азчылыгынын укуктары эл аралык жана эки тараптуу макулдашуулар менен кепилдикке алынды. Бирок ишке ашырууда бул укуктардын көпчүлүгү тилекке каршы кагаз жүзүндө калыптыр. Бүгүн бул бузулган укуктардан бирөөнө гана токтоломун.

Жаралуу аң-сезим

Саясий, экономикалык, маданий укуктар ж.б. бардык укук жана эркиндиктер шексиз маанилүү жана баалуу болуп саналат. Бирок адам өзүн кандай же эмне деп аныктай турганы эң негизги адам укуктарынан бири. Онтологиялык укугу болуп саналат. Адам укуктары боюнча Дүйнөлүк Билдирүүнүн 6-беренесине караганда «Ар ким кайда болсо болсун укуктук кишилигинин таанылышы укугуна эгедер». Кишинин өзүн кандай аныктай турганы да мамлекетке эмес, өзүнө тиешелүү маселе жана кишилигинин ажыратылгыс бөлүкчөсү болуп саналат. Бир адамдын өзүн аныктаган өздүгүн же ээлигин четке кагуу, ал адамдын жашоосун четке кагууга барабар. Балким ушул себептен Эмиль Маалуф «Жараланган өздүктөр» аттуу китебинде адамдын өздүгүнүн, эң көп  жараланган жерден түзүлгөнүнө көңүл бурат. Анткени өзүн аныктаган өздүк менен жашоосу четке кагылган адам, жашап жатканын далилдеш үчүн  бардык кысымдарга чыдайт. Алгачкы христиандардын жана алгачкы мусулмандардын бардык кысымдарга каршы жүргүзгөн күрөшү, өз өздүктөрүн айта алыш үчүн кайыл болгон зулумдуктар бул абалдын так мисалдарынан бири болуп саналат.

Четке кагылган түрк өздүгү

Батыш Фракиягы түрк өздүгүнө карата болгондордун да бул абалдан айырмасы жок. 1927-жылы түзүлгөн «Искече түрк биримдиги» 1980-жылдарга чейин жашоосун маселесиз уланткан. Ысымында «түрк» сөзү болгонунун себебинен 1983-жылы коопсуздук күчтөрү тарабынан табличкасы алып салынат. Иш-чараларына уруксат берилбейт. Коом Грециянын жергиликтүү соттору жана Жогорку соту тарабынан «Батыш Фракияда түрк жок» шылтоосу менен жаптырылат.  Ушундан улам Батыш Фракиянын мусулман түрктөрү доону Европанын адам укуктары сотуна алып барат. Европанын адам укуктары соту 2008-жылы Искече Түрк биримдигин акылуу деп табат.  Бирок Грециянын мыйзамдарына караганда  Европанын адам укуктары сотунун чечимдери дароо жыйынтык бербейт. Кайрадан ички укук жолдоруна кайрылышы керек. Батыш Фракия түрктөрү, акыркы он жылдан бери Грециянын  Европанын адам укуктары сотунун чечимдеринин ишке ашырылышы үчүн күрөш жүргүзүп келет.  Бул тууралуу акыркы доо 2018-жылы 9-февралда Гүмүлжиненин апелляциялык сотунда каралды жана андан да майнап чыккан жок.

1983-жылы башталган жана эң негизги адам укуктарын бузган тартиптин түзөтүлүшү үчүн толук 35 жылдан бери күрөшүлүүдө. Батыш Фракиялык мусулман түрктөр, баш тартпастан жана эч качан укуктун тышына чыкпастан күрөштөрүн улантышууда. 35 жылдан бери Грециядан жана Грецияга жетиштүү түрдө кысым көрсөтпөгөн Европа Биримдигинен адилеттүүлүктү күтүшүүдө. Бирок бул процессте Греция мамлекети адилеттиктин ордуна баш тарттыруу саясаттарына маани берүүдө.

Улуттук каршы чыгуу күнү

1988-жылы 29-январда Батыш Фракия түрктөрү, байлыктарын четке каккан жана өздөрүн жок деп эсептеген Греция сотунун чечимине каршы кеңири катышуусу болгон митинг өткөрдү. Ал күндөн кийин 29-январды «Улуттук каршы чыгуу күнү» деп жарыялашты. Ал эми Греция болсо бул күнү болгон иш-чараларды кыстоого алуу жана тоскоол болуу жолун тандады. 1990-жылдагы Улуттук каршы чыгуу күнүнө бардык тоскоолдуктарга карабастан он миңдеген киши катышып байлыктарын жана өздүктөрүн ортого салышты. Бирок бул демократиялык жана мыйзамдуу митингдер убагында фанатик гректер түрктөргө кол салышты. Эки күн бою жүздөгөн батыш фракиялык мусулман түрктөрүнүн ишканалары тонолуп, талкаланды. Шайланган Искече муфтийи Мехмет Эмин Агадан баштап ал мезгилдин көз карандысыз эл өкүлү Ахмет Фаикоглуна чейин көп сандаган түрк оор жаракат алышты. Грек полициясы бул мезгилде болгондорду карап гана турган.

Түрк өздүгүн четке кагуу менен гана чектелиштиби?

Тилекке каршы Грециядагы маселелер бир гана түрк өздүгүнүн четке кагылышы менен чектелүү эмес. Мыйзамдар жана эки тараптуу келишимдер менен кепилдикке алынганына карабастан өз муфтийлерин тандоолоруна уруксат берилбөөсү, ибадат эркиндиктеринин чектелиши, мал-мүлккө ээ болуу укуктарына кийлигишүү, конфискацияланган фондго таандык мүлктөрүнүн кайтарылып берилбеши, билим алуу укуктарына чектөө коюлушу, атуулдуктан чыгартылган он миңдеген мусулман түрк ж.б...Батыш Фракия түрктөрүнүн башынан өткөргөн маселелерине кызыккандар болсо «Катип Челеби» атындагы университет тарабынан түрк, грек жана англис тилдеринде даярдалган Грециянын адам укуктарын бузуулары отчетун иликтеп көрүшсө жетиштүү болот.

Грециядагы бул укук бузуулар Түркиянын Акдамар чиркөөсүн рестоврация кылып ибадатка ачуусу, «Мор-Габриэль» монастырынын аянтын кайтарып берүүсү, Гөкчеада Рум мектебинде билим берүүнү баштатышы, Стамбулдагы Болгар чиркөөсүнүн рестоврациясынын бардык чыгымдарынын Түркия тарабынан камсыздалышы сыяктуу бир топ оң кадам ташталган мезгилде болгон.

Маселенин капага салуучу башка бир жагы керек болсо Европа Биримдигинин мекемелеринин, керек болсо эл аралык мекеме жана уюмдардын ондогон жылдарга созулган бул укук бузууларга бөгөт коюу үчүн жетиштүү  түрдө активдүү саясат жүргүзө албоосу болду. Бул укук бузуулар ислам дүйнөсүндө да жетиштүү түрдө билинбей жатат.

Андан да капага салган жагы болсо Түркиядагы адам укуктары мекемелери жана интеллигенттердин өз өлкөсүндөгү катардагы адам укуктары маселелерине байланыштуу байма-бай маалымат жана алектенүүгө ээ болуп жатканда, дароо жанындагы коңшусу Грецияда болгон ченемсиз укук бузуулар темасында маалыматы жана алектенүүсү дээрлик жокко эсе болуп турат.

Грециянын Адам укуктарын бузуулары отчету сыяктуу эмгектердин саны көбөйүп, адамдарыбыз башка өлкөлөрдө болуп жаткан укук бузуулар темасында дагы көп маалыматка ээ болушун жана укук бузуулардын жоюлушун каалайбыз.

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар