Глобалдык перспектива-2

Рохинжа мусулмандары

Глобалдык перспектива-2

Рохинжа мусулмандары: Аракан же жөн гана Кан

Проф. др. Кудрет Бүлбүл

Аракан же Рохинжа мусулмандарын балким жакынкы мезгилдерге чейин көпчүлүгүңүз укпаган чыгаарсыздар. 2017-жылдын 25-августунан кийин, 500 миңден ашуун адам Мьянма зулумунан качып Бангладешке баш калкалаганда аларды жана маселенин орчундуу экенин байкадык.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Аракандын кайда жайгашканын билүү үчүн балким бираз географиядан сөз кылышыбыз керек. Аракан Мьянманын 7 облусунун бири. Ал эми Мьянма- Таиланд, Лаос, Кытай, Индия, Бангладеш жана Бенгалия булуңу менен курчалган өлкө. Аракан да Мьянманын жээк боюндагы стратегиялык аймак болуп саналат.

Араканда, Бенгалия булуңунда чөккөн кемеден кутулган мусулман соодагерлер аркылуу исламдын жайылганы айтылып келет. Аракан мусулмандары да Моро мусулмандары сыяктуу узак жылдар бою өз султандарынын көзөмөлүндө жашашат. Батыштык империалист өлкөлөрдүн экспансия саясаттары аркылуу 1885-жылы аглиялыктардын басып алуусуна дуушар болушат. Буга байланыштуу «Эгерде бир дарыяда эки балык күрөшүп жатса, ал жерден бираз мурда узун буттуу Англиянын өткөнүн билиңиз» деген индеец макалын эске сала кетели. Мьянма 1948-жылы көз карандысыздыгына ээ болгондон кийин маселелер дагы да күчөйт. 1962-жылы төңкөрүш менен бийликке келген генерал Не Вин ошол учурга чейин Бирма болгон өлкөнүн ысымын Мьянма деп өзгөртөт. Бир партиялуу республика мезгилинде, мусулмандарды өз жерлеринен кууп чыгуу үчүн ар түрдүү мамлекеттик саясат ишке ашырылды. 969 Кыймылы деп аталган жана улутчул буддисттердин адамдык сапатка жатпаган кол салууларын да унутпаш керек.

Көпкө созулган ондогон жылдын аягында келип жеткен жер, кайдан карасаңыз да кайгы, көз жашы, сүргүн, кан бойдон-АРАКАН...

Аракан маселесине басым жасаш үчүн Европанын рохинжалыктар кеңешинин төрагасы жана тышкы иштер кеңешчисинин орун басары, элчи Үмит Ярдымдын катышуусунда Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинде дискуссия өткөргөнбүз. Нидерландиядан келген коногубуз эки ысым колдончу. La Jo жана Мухаммед Хубейб. Эмнеге деп сурай турган болсоңуздар абал негизи иш жүзүндө көрүнүп турат. Мьянмада бөлүүчүлүккө дуушар болбош үчүн ар ким ысымынан тышкары Мьянма ысымын колдонууга аргасыз болгон. Биз бул абалды 1980-жылдарда Болгариянын түрктөргө жасаганынан, ал эмес көрүстөн таштарын да алмаштырганынан билебиз.

Ооба кайгы-муң көп. Бирок дем алып жаткан болсок үмүт бар дегеди билдирет. Ушундан улам чечүүчү жолдорду да сүйлөшүү керек.

  1. Мьянмага эл аралык кысым көрсөтүү. Бир жерде акыйкаттыктан, адилеттүүлүктөн эмес да кысым жана зулумдан сөз болуп жатса, бул сыяктуу зомбулуктар күч менен гана токтотула алат. Ушул себептен эл аралык коомчулуктун Мьянмага дагы көп кысым көрсөтүүсү үчүн бардык жолго кайрылуу керек. Бул жолду көбүнчө мамлекеттер жана эл аралык уюмдар жүзөгө ашыра алышат.
  2. Эл аралык чечүүчү топ: Украинадагы МИНСК тобу сыяктуу маселенин чечилүүсү үчүн эл аралык кризис жана чечүүчү топ түзүү керек. Кытай менен Индия ал жерде чечүүчү жолдун эмес, маселенин бир бөлүгү абалында экенин билебиз. Ошондой болсо да мүмкүн болушунча аларды да процесстин бир бөлүгү болушун камсыздап, чечүүчү жол издөө зарыл. Бул чечүүчү топ аракандыктардын коопсуз түрдө өз үйлөрүнө кайтуусун камсыздоо жана кайткандан кийин жашоо укуктарынын гарантияга алынганына байкоо салууга милдеттүү болушу керек.
  3. Аракандагы зомбулук, кысым жана укук бузууларды эл аралык аренага алып чыгуу. Аракандыктардын Сириядагы күрттөр сыяктуу дагы деле расмий өздүктөрү да жок. Расмий статуска ээ болбогондуктан билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу негизги муктаждыктардын да чечилүүсү мүмкүн эмес. Бүткүл дүйнөдөн бейөкмөт уюмдары, ыктыярдуу мекемелер, ар кайсы өлкөлөрдө же эл аралык платформаларда бул укук бузууларды күн тартипке алып бара алышат. Мыйзамдуу жараяндарды баштата алышат. Укук бузган мамлекет же армия кызматкерлерине карай коюла турган доолордон натыйжа чыкпаса дагы баш тарттыруучу өзгөчөлүгү болот.
  4. Бангладешке жардамчы болуу. Ансыз деле кыйын абалда турган Бангладеш, жүз миңдеген адамга көбүрөөк жардамчы боло алуусу үчүн жалгыз калтырылбашы керек.
  5. Стратегиялык мекемелерди алдыңкы планга коюу. Мьянмадагы сыяктуу кайда адамзаттык кризис бар болсо Түркия мамлекети АФАД, Кызылай, ТИКА, Гуманитардык жардам уюму жана берки жарандык коомдук уюмдар менен бирге ар түрдүү колдоону көрсөтүүдө. Бирок жалгыз гана гуманитардык жардамга багытталуу жетиштүү болбойт. Стратегиялык чечүүчү жолдорду тапкан борборлор, бардыгы эмес атайын аналитикалык борборлор да ошончолук маанилүү болуп саналат.
  6. Түркия жол башчылык кылган туруктуу эл аралык кризис тобун түзүү.
  7. Дүйнөлүк түшүнүк жаратуу. Аракан маселеси да Кудус сыяктуу бир гана мусулмандар тарап болгон маселе эмес. Бул сыяктуу темаларда эл аралык түшүнүк жаратуу абдан пайдалуу болот. Ушул жагынан бир first lady катары Эмине Эрдогандын сапары өтө маанилүү эле.

Дүйнөнүн кайсы жеринде болушса да окурмандарыбыз дүйнөлүк маалымдоо үчүн активдүү иш жүргүзө алышат.

Кээде бир нерсе өзгөрөт, аны менен кошо көп нерсе өзгөрөт. Бир акын айткандай «Климат өзгөрөт, Жер Ортолук деңиз болот». Кана турбагыла. Кайгы-муңду бөлүшкүлө. Азап тарткандардын көз жаштары азайсын. Аракандык балдар келечекке коркуу менен эмес, үмүттүү карай алсын!

Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар