Глобалдык перспектива-1

Стамбул перспективасы

Глобалдык перспектива-1

Стамбул перспективасы

Проф. др. Кудрет Бүлбүл

Урматтуу окурмандар, насип болсо ар жума сайын ушул программабызда сиздерди дүйнөдөгү окуялар менен маалыматтандырып турабыз.  Эми бул бир жылдык узак жолду чогуу басып өтөбүз. Жазуу- жазуучу менен окурман бирге чыккан сапар болуп саналат. Сапарлаштык урмат сыйды, сүйүү жана ишенимди талап кылат. Ал эми макала жазуу эрктүүлүктү, ишенимди талап кылат. Жазып жатып бардык бириктиргениңизди ортого коесуз. Өзүңүздү, пикириңизди, көңүлүңүздү ачасыз.

Жазуу бир жактуу кабар берүү эмес, өз ара таасирлешүү болуп саналат. Окурмандан келе турган жооптор менен эки тараптуу бөлүшүү болот.

Жазуу саякат болуп саналат. Баштап жатканда жазууңуздун кайда учурай турганын толук биле албайсыз. Жазгандан кийин эмнеге туш боло турганын, кайсы жерлерге учурап кандай таасир калтыра турганын да биле албайсыз...

Анкарадагы «Йылдырым Беязыт» университетинин  саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

Бул программаны түшүндүрүп жатып сиздер менен бирге бир топ жерге учурап, бир топ темага токтолобуз... Кээде Балкан өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка, Кавказияга, Африкага токтолуп, көңүлдөгү аймагыбызды күн тартибиңизге алып чыгабыз. Кээде Палестинада, Крымда, Ахыскада, Мородо, Араканда эзилген калктардын аймагындагы кыйкырыктарга кулак салабыз... Кээде Европада баласы колунан алынган үй-бүлөнүн, Батышта четке кагылган мигранттын, өзүн жоготпоо үчүн жол табууга аракет кылган бир жаштын үнү болобуз. Тили, дини, расасы, теги кандай болсо болсун, адамзат үчүн санааркаган жер жүзүндөгү абийирдүү адамдарга чакырык салабыз. Анткени Батыштагы жагдай ич жылытаарлык эмес, абдан санаага салууда.

Ал эми ар бир абалга жараша дүйнө жүзүнөн Түркияга көз чаптырабыз. Түркиянын маселелерин эмес, дүйнө жүзүнүн маселелерин Түркияга, бурчубузга ташып келебиз. Көбүнэсе өлкө ичиндеги күн тартипке камалып, глобалдык окуялардан кабарсыз калабыз. Башка өлкөлөрдө болуп жаткандарды билбегенибизден басып өткөн аралыкты байкай албайбыз. Тынымсыз ички күн тартип менен алпурушуу дүйнөдөгү абалдарды, адамзаттын жана көңүл аймагыбыздын бизге арнаган баалуулуктарын көрүүбүзгө да тоскоол боло алат. Биз ээ болгон мурас, башыбызды тик көтөрүүнү, дүйнөдө эмнелер болуп жатканын көрүүнү жана Түркиядан көз чаптыруу менен бизге артылган үмүттөрдү өчүрбөй кармоону талап кылат.

Анда бул саптарда прожекторубузду кайда коюп, кай жерден дүйнө жүзүн карайбыз? Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн караганыбызда үч негизги маселеге туш болобуз. Адилетсиздик, бөлүшпөөчүлүк жана ар башка маданияттар менен бирге жашай албоо...Адам баласынын бардык дарттары, кыйынчылыктары ушул үч маселенин астында чогултула алат. Анда адамзаттын ушул үч негизги маселени чечүүгө талапкер мурда башынан өткөргөнү, тажрыйбасы барбы? Ар кимге адилеттик жайган, ачка кошунасын ойлогон, кайсы тил, дин, раса жана тектен болсо болсун, дельфин сыяктуу, жаралганды жараткандан улам жактырган салт! Эгерде адамзаттын ушундай салты бар болсо, бизди кайда алып бара турганы билинбеген, сыналбаган пикирлер аркылуу эмес, сыналган жана бизди туура жерге алып бара турган ошол салттын ичинен басалы.

Адилеттик, бөлүшүү жана плюралисттик жагынан батыш маданиятынан ала турган жол чектелүү. Бизге бул темаларда өз маданиятыбыз дагы көп жол көрсөтө алат. Хоросандан Балкан өлкөлөрүнө карай миң жылдык жүрүшүбүз, туш болгон маселелердин чечилиши жагынан жолубузга жарык чача турган деңиз панары сыяктуу...

Бул жагынан алып караганда жүз жыл мурдагысына чейин Стамбулдун, адамзат жагынан балким эң глобалдык жерлерден бири экени айтылса болот. Кайсы бир ой-пикир, агым, идеология,түшүнүк, жеке кишилердин өзү жалгыз жашаган элет жерлерде же кичине жерлерде эмес, айырмачылыктар бирге болгон чөйрөлөрдө дагы көп тереңдикке ээ боло алат. Анткени бул ойлор айырмачылыктар жана карама-каршылыктар чөйрөсүндө өздөрүн дагы да күчтөндүрүү потенциясына ээ болушат.  Ушул жагынан алып караганда Мешрутиет мезгили жана андан мурдагы Стамбул, жакынкы тарыхыбызда абдан башкача ой-пикирлер бириккен жана бул ой-пикирлерди эркин айта алган жер болуп саналат. Стамбул, императорлуктун мусулман (түрк, араб, күрт, албан, боснияк) жана мусулман эмес (христиан, жөөт, армян...) элементтеринин бардык курамы менен чогуу жашаган чөйрө жана мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул көрүнүшү менен Стамбулдун учурдагы маселелерди дагы кеңири түрдө талкуулоо үчүн тажрыйбага ээ болгонун билүү, көрөгөчтүк болуп саналбайт.    

20-кылымдын ичинде өз цивилизациябыздан ажыроонун белгиси катары түркиялык интеллигенттер батыш цивилизациясынан абдан көп таасир алышты. Жакынкы мезгилдерде болсо Египет, Иран, Пакистан сыяктуу өлкөлөрдөгү ой-пикир кыймылдарынан да таасир алышты. Шексиз батыштагы жана чыгыштагы абалдарды байкоо, башкача пикир жорумдарды билүү жана баа берүү пайдалуу болот. Бирок бул өлкөлөрдөгү абалдарды байкаган түркиялык интеллектуалдардын жакынкы мезгилде айырмачылыктар эң кеңири түрдө чогуу жашаган жана ушул себептен эң кеңири түрдө ой-пикир тереңдиги көрүнгөн Стамбулду жана ал жердеги талкууларды жетиштүү түрдө анализдегени  айтыла албайт. Республика мезгили менен Стамбулдун үстүнө жабылган жабуу тилекке каршы жетиштүү түрдө ачыла элек.

  Чындыгында бүгүнкү күндө дагы дүйнө жүзүнүн, адамдардын өз өздүктөрү менен эркин жашай алган, четке кагылбаган, башка аймактардагы адамдардын кыйынчылыктарын дарт кылып алган канча шаар бар. Ушул себептен учурда биз муктаж болгон маселелердин чечилиши үчүн ичинен карай алган эң жакын жана эң ылайыктуу жашоо өткөнү болгон Стамбул тажрыйбасы делсе жетиштүү болот. Бул тажрыйба, биз туш болгон  бардык маселелерге жарык чача тургандай түрдө, үстү жабуу менен жабылган деңиз панары сыяктуу турат. Балким атактуу тарыхчы Тойинбии айтканы сыяктуу «токтотулган цивилизация» Стамбул тажрыйбасы болуп саналат.

«Токтотулбаган» мезгилден баштап чыгыш менен батыштын тажрыйбасына ээ болгон Стамбул, учурда туш болгон маселердин чечилиши боюнча бизге жол көрсөтө алат. Бирок биз дагы бүгүнкү күндө бул тажрыйбадан ажыраган абалдабыз.

Ага кайра кайтууга жана ал жерден басууга муктаждыгыбыз бар. Бул бурч мына ушундай жол тартуу үчүн.

Бир тараптан ушундай эбегейсиз тажрыйбаны табуу, берки жагынан анын жарыгында глобалдык маселелерге чечим табуу үчүн...

Бул саптар бир топ тилге которулат. Дүйнө жүзүнүн кайсы жеринде, кайсы тилден, динден, расадан жана ишеничтен болсоңуз дагы, бул глобалдык жүрүш үчүн мен да бармын десеңиз, келгиле бирге басалы. Жолубуз узун, убактыбыз кыска...

Быссымылда дейли...   

                                                                                                                                                                                    «Йылдырым Беязыт» университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар